Аскер Карыбаев

Бишкек гуманитардык университетинде бараандуу эмгеги менен элге таанылган котормочу, акын Аскер Карыбаевди эскерүү кечеси болуп өттү. Кечеге акындын бирге жүргөн санаалаш акын достору, үй-бүлөсү, айылдаштары, аталган окуу жайдын окутуучулары жана студенттери катышты.

Республикалык “Кыргыз тили” коомунун президенти Райымжан Курбанов акындын жемиштүү эмгеги,  мыкты акын, котормочу катары элдин эсинде сакталып калгандыгына токтолуп, кечени ачса, окуу жайдын студенттери акындын ырларынан  көркөм окушту.

Жакын досу, курсташы, Кыргыз Эл жазуучусу  Казат Акматов: “Арабызда өзү арык, бою узун Аскер Карыбаев деген ыр жазган жигитибиз бар болчу. Көп сүйлөчү эмес, бирок кыңылдап эле ар кайсы ырдын обондорун ичинен кайрып жүрөөр эле”,- деп эскерди. БГУнун профессору Тилектеш Ишемкулов, акын Акбар Рыскулов, акын Мелис Абакиров жана Түгөлбай Мамбетжунушевдер акын менен бирге өткөргөн кызыктуу күндөрүнөн бөлүшүштү.

Акын туулган Ак-Суу районунун Кереге-Таш айылынын айыл өкмөт башчысы маркумдун  жалпы эмгегин баалап, айылдагы китепканага ысымын ыйгарышкандыгын  айтты.

Мындан сырткары акындын учурда популярдуулукка ээ болуп келе жаткан обондуу ырлары аткарылды.

Аскер Карыбаев Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айылында 1941-жылы туулган. Орто мектепти бүтүргөндөн кийин эмгек жолун Каракол шаарындагы кирпич заводунда баштаган. Андан кийин Кыргыз улуттук университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн бүтүрүп, Кыргыз телеграф агенттигинде диктор, Чернышевский атындагы китепканада редактор, Кыргызстан КП БКГга чейин жооптуу кызматтарды аркалап келген.

Акындын эң алгачкы ыры “Эртеңки таң” деген ат менен 1957-ж. “Жаш Ленинчи” журналына басылып чыккан. Дүйнөлүк белгилүү акындар Абайдын, Жаминин, Гетенин, Гейненин, А.Ахматованын, В.Высоцкийдин, А.Вознесенскийдин, Р.Рождественскийдин ырларын кыргызчалаган.

Акындын чыгармалары “Кыргыз поэзиясынын антологиясына” киргизилген. Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.

Айнура Шайкеева