Алыкул Осмонов1

«Алыкул Осмоновдун эки томдугу” поэзия сүйүүчүлөрдүн көптөн бери күткөнү эле. Көрөрүм менен чын ыкласымдан сатып алып, иш столума коюп алганыма кыйла болду. Бош убактым боло калса эле аларды барактап, кыргыз элинин таланттуу, кайталангыс акынынын ырларын кайрадан тамшана окуйм. Албетте, Алыкулдун ырларын, поэмаларын, котормолорун окубаган кыргыз жоктур. Айрыкча союз убагында элибиз аябай окумал эмес беле. Алыкулдун ырларын жатка айткандар четтен чыкчу. Алыкулдун бир топ ырларын жатка билчүмүн. Акыркы жыйырма жыл ичинде Алыкулдун ырларын окубай калгам. Көңүл кааласа да, жаңы басылган китеби жок.

Жаңы басылып чыккан эки томдуктагы ырларды кайрадан окуганымда жаңыча таасир калтырганына таңдандым. Жаш кезекте акындын “Отуз жаш” аттуу ырын окуп алып, “Эмне үчүн боз ат?”, “Эмне үчүн отуз жаш?”- деген суроолорго жооп издей берчүмүн. Азыр болсо таптакыр жаңы көз карашта калдым. Бул куракта окуганымда “Боз ат – күлүк. Өңү болсо абстракция. Өмүр да ылдам. Демек, боз ат – өмүр символу. Албетте, Алыкул “боз ат минген кырк же элүү жаш”- деп жазса да болмок. Бирок отуз жаш Алыкулдун жашы. Ал ага гана таандык”– деген тыянакка келдим.

Дегеле өлбөс-өчпөс чыгармалар миң кырдуу болот эмеспи. Ал тууралуу канча айтсаң да сөз жетпейт. Аны кай жагынан карабагын, туш тарабынан жаркырап көрүнө берет. Алыкул Осмоновдун андай чыгармалары абдан көп. Аларды канчалык окубагын, кайра эле окугуң келет. Ошондуктан, чолпон жылдыз акыныбыздын томдорунун жарыкка чыгышын адабий турмушубуздагы кубанычтуу окуя катары бааласак болот. Анткени, ал элибизге зарыл. Алыкулдун поэзиясы адамдарга рухий азык берет, мекенди, жашоону сүйдүрөт, махабатты даңазалайт. Өкүнүчтүүсү, коомдук оош-кыйыштардан улам жыйырма жылдай убакыттан бери элибиздин дээрлик бир мууну кыргыз классикасын окуп, таанып билүүдөн куру калды. Мунун кесепети өтө жаман. Муундар байланышынын үзүлүшү У.Шекспир айткандай, трагедия. Ал эми А.Осмоновдун томдорунун жарыкка чыгышын мына ушул өксүк-кенемтени толуктоого өз салымын кошот деген ишеним жаратууда. Анын үстүнө 2015-жылы таланттуу акыныбыздын 100 жылдыгы белгиленет. Мына ушул маараке аркылуу элибизге, айрыкча жаштарыбызга Алыкулду таанытып алуунун мүмкүнчүлүгү келип турат. Көптөгөн иш-чараларды өткөрүү керек болот. Жүз жылдыкка карата эки томдуктун жарыкка чыгышын мына ушул иштин башталышы катары бааласак болчудай. Ошондуктан, ушундай сыймыктуу иштин башында туруп,китепти чыгаруу жүгүн мойнуна алган “Алыкул Осмонов” атындагы фондго ыраазычылык билдирип кетүүбүз абзел. Ал эми эки томдуктун түзүүчүсү Мундузбек Тентимишев тууралуу кыябы келип турганда өзгөчө токтоло кеткенибиз оң. Анткени, ал – республикабыздагы күжүрмөн жана таланттуу журналисттерибиздин бири. Анын түзүүчү болуп чыгарган китептерин кошпогондо 33 автордук китебин жарыкка чыгарган. Ал китептердин тематикасы өтө бай. Мисалы, Мундузбек Тентимишев элибиздин К.Кондучалова, Н.Исанов, М.Мамакеев, М.Миррахимов, Д.Кудаяров, К.Рыскулова өңдүү кыргыз эли туу туткан инсандарыбыздын өткөн өмүр, баскан жолун ийине жеткире жазуу менен бул улуу инсандарыбыздын элибизге жасап кеткен баалуу эмгектерин кийинки муундарга тарых катары калтырды.

Мындан сырткары, Мундузбек Тентимишев – нукура алыкулчу. Биз университетте чогуу окуп жүргөндө Алыкулдун ырларын гана эмес, поэмаларын жат айтып койгон учурлары болор эле. Ошондо эле Алыкулга мээри түшүп калган көрүнөт, бүгүнкү күнгө дейре Алыкул – анын чыгармачылыгынын чордону. Ал 1988-жылы Ташкен шаарында Алыкулдун ажырашып кеткен зайыбы айтылуу Зейнеп эже менен жолугуп, сукбатташып, Зейнеп эже менен түзгөн ошол маегин гезит беттерине жарыялаганда акындын өмүрүнүн атпай журтка узак убакыт бою табышмак болуп келген сырларынын ачылышына өбөлгө түзүлгөн болчу.

Алыкул дегенде ал кулча эле иштеди. Тынымсыз изденип, изилдеп жүрүп акындын өмүрү жана чыгармачылыгына арналган “Аны Алыкул деп аташкан” аттуу китебин жарыкка чыгарды. Бул китеп Алыкул жөнүндө жазылган татыктуу эмгектердин катарынан орун алды. Мындан сырткары ал “Алыкул” аттуу энциклопедиялык эмгекти даярдады.

Мундузбек Тентимишевдин Алыкулдун поэзиясына жан дили менен берилип, тереңден сүйүп, үңүлө изилдегени акындын биз жогоруда сөз кылган тандалган чыгармаларынын эки томдугунун жогорку сапатта чыгышына себеп болду. Бул томдуктарда мурда идеологиялык ж.б. себептер менен эч жерде жарыяланбаган “Сталин”, “Замана”, “Чын жолдош”, “Эр балык” аттуу ырлары жарыяланган. Мындан сырткары, мурунку убактарда Алыкулдун ырлары редакцияланып, өзгөрүлүп кеткен учурлар болгон экен, ошол ырлар акындын кол жазмасында кандай болсо, ошол калыбына келтирилип, жыйнакка киргизилген. Ошондой эле бул томдорго жайгаштырылган сүрөттөрдүн ичинде Алыкул Осмоновдун мурда эч жерде жарык көрбөгөн сүрөттөрүнүн берилиши бул китептин чоң жаңылыгы болуп эсептелет. Кыргыз элинин залкар жазуучусу, Алыкулдун замандашы Түгөлбай Сыдыкбековдун 1964-жылы жарык көргөн “Акындын элеси” аттуу макаласынын акындын томдуктарына кириш сөз иретинде берилиши, бул жыйнактын салмагын арттыруу менен акындын поэзиясына сүңгүп кирүүгө күчтүү старт берген десек болот. Китептеги бул жаңылыктар китептин түзүүчүсү Мундузбек Тентимишевдин табылгалары экенин танууга болбойт.

Алыкул Осмоновдун тандалган чыгармаларынын эки томдугунун жана “Жолборс терисин жамынган баатыр” китебинин жарыкка чыгышы мени Алыкулдун поэзиясы кайрадан кыргыз жерин аралагандай сүйүнүчтүү сезимдерге бөлөдү. Ошондуктан, атпай кыргыз журтуна кайрылып, “Алыкулдун поэзиясын кучагыңарды жайып тосуп алгыла”,- деп кыйкыргым келди.

 Абдимухтар АБИЛОВ