Тажикстандын Согдий облусунун электр энергиясына лимит киргизилди: түнкүсүн 5 саат, күндүз 5 саат өчүрүлөт
Тажикстандын Согдий облусунун административдик борбору Худжанд шаарында түнкүсүн электр энергиясы өчүрүлүүдө. Өчүрүүлөр 16-ноябрдан тарта башталды жана азыр формалдуу эмес болуп саналат. Бул тууралуу CA-News маалымат кызматы жазды.
«Авестанын» белгилешинче, Худжанд шаарынын мамадминистрациясындагы булак, мындай чара энерголимиттин үстүнөн орнотулган норманын колдонулушуна байланыштуу болуп жаткандыгын билдирген.
Булактын маалыматына караганда, Худжандга сутка ичинде 1 млн 800 миң кВт.саат энергия туура келет. Ошол эле учурда Согдий электр түйүнөрүнүн маалыматы боюнча электр энергиясын өчүрүү Худжандга эле эмес, Согданын башка шаарларына да болууда.
Ал, шаарларда күндүзү электр энергиясы 5 сааттан болбой тургандыгын белгилеген. Түнкүсүн дагы 5 сааттан өчүрүлөт.
Мындай жол менен Согда шаарларынын тургундары электр энергиясын суткасына 14 сааттан гана пайдаланышат, деп белигилейт агенттик.


Leave a Reply