Кыргызстандык бийичилер А.Кибкало менен Т.Когадей Италиядагы эл аралык турнирде коло байгеге ээ болушту
Спорттун бал бийи боюнча эл аралык ROMA OPEN-2014 турнири 8-ноябрда Помезия (Италия) шаарында өттү.
КР Спорттук бий федерациясы билдиргендей, бул турнирге Кыргызстандан барган жуптар Алексей Кибкало менен Татьяна Когадей катышып, 77 жуптун ичинен Rising Stars Open Latin – Over 16 Classe U категориясы боюнча коло байгеге ээ болду.
Ал эми, кыргызстандык жуп WDSF World Open Adult Latin категориясы боюнча турнирге катышкан 98 жуптун ичинен 22-орунга илинди.
Ошондой эле, А.Кибкало менен Т.Когадей 15-ноябрда Австрияда өткөн WDSFWorldOpenAdultLatin Vienna – Austria турнирине катышып, 117 атаандашынын ичинен 27-орунду ээлешти.
Булак : Баракелде

Leave a Reply