Россиядагы өзбекстандык мигранттар өзүлөрүнүн органдарын сатып жатышат, – ЖМК
Россиянын Краснодар шаарында өзбек эмгек мигранттарынын арасында өзүнүн бөйрөгүн сатуу сунушу менен трансплантация борборлоруна кайрылгандар көп болууда. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун өзбек кызматы (Озодлик), мигранттардын арасындагы маалымат булактарына таянып маалымдайт.

Басылманын маалыматы боюнча, өткөн жылы Москвада ташкенттик жигит адамдардын органын сатуу боюнча күнөөлөнүп кылмыш жоопкерчилигине тартылган.
Өзбекстандык 23 жаштагы жигит Акмаль эжесинин өмүрүн сактап калуу үчүн өзүнүн бөйрөгүн сатыкка койгон. Бул тууралуу Краснодар шаарындагы «Изрукинфо» гезитинде жарыяланган. Озодлик радиосунун редакциясы жарыяда көрсөтүлгөн номерге чалуу менен өзүн Акмалдын досумун деп тааныштырган адамдын үнүн уккан. Ал Акмалдын эжеси бөйрөк алмаштырууга муктаж экендигин айткан.
«Акмалдын эжеси оорулуу. Анын бөйрөктөрү иштебей калгандыктан дарыгерлер ага эң акыркы (өлүм) диагнозун коюшкан. Акмаль өзүнүн бөйрөгүн сатып жана ал акчага эжеси үчүн бөйрөк сатып алууну каалап жатат. Анын бөйрөгү эжеси үчүн туура келбейт экен»,- деп билдирген маектеш.
«Изрукинфо» гезитинин коммерциялык бөлүмүнүн кызматкеринин айтымында бул бөйрөгүн сатууну жарыялаган биринчи өзбек эмес.
Өткөн жылы Москвада, адам органын сатуу менен алектенген ташкенттик Темур жана анын кылмыштуу тобу кармалган.
Москванын шаарынын Түштүк-Чыгыш аймагынын ИИО кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жетекчиси Вадим Кривошеевдин айтымында, Темур 18 жаштагы кыздын бөйрөгүн 50 миң еврого сатууну пландап жатканда кармалган. Темур жана анын кылмыштуу тобу 3 жылдан 10 жылга чейин камалышкан.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун талаптарына ылайык тирүү адамдын органын сатууга болбойт. Ушундай эле талаптар Россиянын да, Өзбекстандын да мыйзамдарында каралган.
Жакын туугандарына гана бекер түрдө өз каалоосу менен органдарын алмаштырууга уруксат берилет. Донорлордун жана бейтаптардын ысымдары дарыгерлик сыр катары жарыяланбайт.

Leave a Reply