взятка1

Жети-Өгүз районунда Социалдык фонддун жана “Кыргыз почтасы” ишканасынын кызматкерлери “жасалма пенсиялык төлөмдөрдү уюштурган” деп шектелишүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда Коррупцияга каршы кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган райондогу почта бөлүмүнүн жетекчиси Социалдык фонддун кызматкери менен сүйлөшүп, жасалма пенсиялык төлөмдөр аркылуу 1,5 миллион сомду өздөрүнө чегерип алышкан. Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Булак: super.kg