Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиевге кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2014-жылдын 12-майында УКМКнын тергөө башкармалыгы 2013-жылдын сентябрында медициналык факультетке 24 абитуриентти мыйзамсыз кабыл алуу фактысы боюнча Билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргыз-Орус Славян университетинин жооптуу кызматкерлерине “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон.

Тергөөнүн жүрүшүндө 24 абитуриент Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиевдин каты менен окууга киргизилгендиги аныкталган. Мындан улам 2014-жылдын 29-октябрында бул кылмыш иши Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгына өткөрүлгөн.

Тергөөнүн жыйынтыгында депутат К.Осмоналиев 2013-жылдын августунда абитуриенттердин ата-энелеринен ортомчулар аркылуу 14 000 доллар алып, 27 абитуриентти “бийик тоолуу аймактардан, табигый кырсыктардан жабыркагандан, майыптар, аз камсыз үй-бүлөлөрдөн” деп, аларды КРСУга киргизүүнү караштыруу боюнча Билим берүү жана илим министрлигине кайрылууну кат жүзүндө жөнөтүп, КРСУнун ректору В.Нифадьевден жана аталган министрликтин башчысы К.Садыковдон 27 абитуриентти КРСУга киргизүүнү талап кыла баштаган.

2013-жылдын 20-сентябрында аталган тизмеден 24 абитуриенти КРСУга келишимдик негизде окуу бөлүмүнө мыйзамсыз киргизилген.

Жогорку Кеңештин депутаты К.Осмоналиевдин иш-аракетинде кылмыштин белгилери байкалгандыгын эске алуу менен 2014-жылдын 25-ноябрында башкы прокур “Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “Опузалап пара талап кылуу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.

Булак: Super.kg