Өзбекстандын Афганистан менен чектешкен Термезе шаарындагы бажыда аткезчилик жол менен өткөрүү аракети болгон байыркы мезгилге таандык 42 күмүш жана жез тыйындар алынды.

Өзбекстандын Мамлекеттик бажы комитетинин маалыматына ылайык, байыркы тыйындар Өзбекстандын аймагына жашыруун алып өтүүгө аракет кылган Афганистандын жаранынан алынды.

Афганистандын жараны өзүнүн кийимдериндеги топчуларды кара түскө боелгон монеталарга алмаштырган. Ошондой эле, Бажы комитетинин расмий сайтына жайгаштырылган сүрөттөн көрүнгөндөй, кармалган жарандын сумкасындагы сыдырмасынын кармагычы да кара түскө боелгон тыйынга алмаштырган.

Эксперттердин маалыматына ылайык, кээ бир тыйындар биздин эрага чейинки III-II кылымдагы Грек-Бактрия мамлекетинин дооруна туура келсе, айрымдары IХ – Х кылымдардагы Саманиддер мамлекетинде жасалган.

Мыйзам бузуучу айып төлөө менен административдик жазага тартылды.

Тыйындардын баасы 16,5 млн сум деп эсептелип, «кара базардагы» баасы 5 миң доллардан ашат. Алынган тыйындардын колекциясы Сурхандарыя облусундагы Археология музейине өткөрүлүп берилди.

e639fe689449c188f2bd0fc7feb01eb6

4c913bfaa34e6d1d0fc8c13ad4669614