высотные дома1

Кубанычбек  Кулматовдун  Бишкек  шаарынын  мэрлик  кызматына  келгенден  бери  10  айча  болду.  Эгерде  менден  ушул  кызматты  аркалаган  кезден  бери  ал  кандай  иштери  менен  шаардыктардын  эсинде  калды  деп  сурашса,  бир  гана  фамилиясы  (Кулматов)  менен  деп  жооп  бермекмин.  Мында  шаар  башчысынын  эмес, анын  атасы-Кеңеш  Нурматович  Кулматовдун  шаардын,  республиканын  өсүп-өнүгүшүнө  кошкон  орчундуу  салымы  шаардыктардын,  кыргыз  элинин  мыкты  уулу  катары  элдин  эсинде  деп  айтмакмын.

Чын  ниетим  менен  мэр  Бишкек  үчүн  10  айда  кандай  эсте  каларлык  иштерди  бүтүрдү  деген  ой-таразама  эч  нерсе  кошо  албадым.  Себеби,  К.Кулматов  шайлоо  учурунда  шаардыктарга  жар  салган  негизги  10  убадасынын  бирин  да  аткарган  жок.  Шаардыктарга  берген  10  пункуттан  турган  убадасынын  аткарылышына  токтолгум  келбейт.  Бир  гана  шаардын,  райондордун  көзөмөлдөрүнөн  чыккан  мыйзамсыз курулуштар  жөнүндө  айтпай  коё  албадым.

Бир  жолу  Бишкектин  вице-мэри  Бакыт  Дүйшөмбиев  борбор  калаабызды  курулуш  бизнесинин  локомотиви  деп  атаганы  эсимде.  Ооба,  сыртынан  караганда  чынында  эле  ушундай  көрүнөт.  Шаардагы  бүгүнкү  абал,  өтө  ылдамдыкта  айдоочу-машинисти  жок  эч  ким  көзөмөлдөп,  башкарбаган локомотив  шаардагы  курулуштарды  туңгуюкка  кептөөчүдөй  туюлат.

Өткөн  айдын  этегинде  “Экспресс-Строй”  деген  курулуш  компаниясынын  директору  жана  Түркиялык  инвесторлордун  өкүлү  А.Мележик  24.kg  маалымат  агенттигинде  журналисттерге  Түркиялык  инвестор  Чүй  проспектисиндеги  Гоголдон  Сүйүмбаев  көчөлөрүнө  чейин  курулуш  объектилерин  куруу  үчүн – 1,8 АКШ  долларын  бөлгөнүн,  анын биринчи  этабы борборубуздагы  “1000 түркүн”  соода  үйүнүн  тегерегин  кеңейтүүгө  жумшалганын,  экинчи  этабында  пландаштырылган  көп  кабаттуу  турак  жай  курула  турган  жерде  жашашкан  шаар  тургундары  курулушту  баштоого  каршылык  көрсөтүп  жаткандыгын,  бул  курулуш  иштерине  Өкмөттүн  уруксааты  да  бар  экендигин  айтып  кейигендиги  менен  таң  калтырды.  Шаар  башчысынан  эмес,  Бишкектин  дал  ортосуна  үй  куруу  үчүн  түздөн-түз  Өкмөттөн  уруксаат  алган  кандай  “крутой”  инвестор.  Эмне  үчүн  бул  капчыктуу  инвестор  өзүнүн  миллиондору  менен  Анкарада,  Стамбулда  турак  жай  үйлөрүн  курбайт?  Деги  ага  жер  участогу  үчүн  ким  чечим  чыгарган,  ким  кол  койгон?  Качанга  чейин  Ата  Мекендик  курулуш  компанияларын  өгөйлөп  мындай  бүдөмүк,  “сырдуу”  чечимдердин  алкагында  иш  алып  барабыз?  Кийинки  кезде  шаарга  турак  жай

объектилерин  курууга,  жумушчу  орундарын  түзүүгө  чет  элден  инвестиция  алып  келдик  деген  шылтоо  менен  курула  баштаган,  же  курулушу  бүткөн  көп  кабаттуу  үйлөрдүн  көптүгүнөн,  өзгөчө  шаардын  борбордук  бөлүгүндөгүлөрдү  суу,  канализация,  жылуулук  жана  электр  кубаттуулугу  менен  камсыздоо  оорлоп  барат.  Бул  үйлөрдүн  тегерегиндеги  2-3 айланта  коюлган  автоунаалардан  оорулууга  чакырылган  тез  жардам  эмес,  жөө  адам  араң  өтөт.

Бул  “Экспресс-Строй”  компаниясынын  Ататүрк,  Панфилов  атындагы  парктарга,  Кара  жыгач  багындагы  курулуш  объекттерине тиешеси  бар-  жогун  билбейм.  Мени  тынсыздандырганы – шаардыктарга  дагы  көп  жыл  кызмат  өтөй  турган,  көп  мээнет  менен  өстүргөн  бак-дарактардын  кыйылышы.  Биздин  улуу  муундар  келечек  муундарына  калтырган  жашыл-шаар,  тездик  менен  таштуу  жунглиге  айланышы,  бир  гана  шаар  тургундарынын  гана  эмес,  жалпы  кыргыз  элинин  жүрөгүн  сыздатууда.  Мына,  инвестор  А.Мележик  да  өзүнүн  шектүү  курулушун  ишке  ашыруу  үчүн  көп  мээнет  жасалган  бир  скверди  жок кылганы  турат.

Бул  көп  кабаттуу үй түшө  турган  аймакка  жакын  жашаган  шаардыктар  каршы  акция  уюштурганда,  бул  курулушка  кызыкдар  бир  адам  жөн  эле убара  болуп  жатасыңар,  бул курулушка  шаар  мэри  Кулматовдун  өзү  кызыкдар  деген  кеп  оозунан  чыгып  кетти.  Эгерде  бул  сөз  чын  болсо,  анда бул  өзгөчө  маселе.  Бишкек  шаарынын  тургуну  катары  Кулматовдон:  “Бул  сөз  чынбы,  же  сиздин  атыңызды  атайылап  булгообу?”,-деп сурагым  келет.  Совет  мезгилинде БКнын  секретары  К.Кулматов  жөнүндө  көп  жакшы  кептерди  уккам.  Ошондуктан,  ал  адамдын  атына  кимдир  бирөөлөрдүн  көлөкө түшүргөнүн  эч  каалабайм.

Жакында  КРнын  Президенти  да  кимдир-бирөөлөр  анын  аты-  жөнүн  арам  иштеринде  колдонуп  жүргөнүн  билгенин,  ал  алдамчы  менен  эч  кандай  тааныштыгы  жоктугун,  мындай  иштерге  баргандар  менен  жеке  сүйлөшөөрүн  ММКга  маалымдады.  А бирок,  Кубанычбек  Кеңешович, Сиз,  өзүңүздүн  дарегиңизге  ар  кандай  жагымсыз кептер  көптөн  бери  айтылып  жүрсө  да, негедир  ага  жооп  бербей  келесиз!

Бактыбек  ИМАМАДИЕВ