самолеты1

Мага бир күнү Барно келди. Ал адегенде “Кыргыз Туусу” газетасынын 90 жылдык мааракесине карата өткөрүлгөн сулуулардын сынагына катышкан кызы Роза башкы байгени жеңип алгандыгын сыймыктануу менен айтып, ушул тууралуу жазбайсызбы?- деген сунушун айтты. Ырасын айтканда ага көңүлүм келбеди. Андан кийин Барно жакында мигранттардын көйгөйү менен Москвага барып келгенин, келе жатканда самолетто өзгөчө кырдаалга туш келгенин айтып берди. Ушул тууралуу жазбайсызбы?- деди ал . Мен ойлонуп калдым. Бирок, жазуу керек деген тыянакка келдим. Анткени, талаада жаткан эрдик бар бекен- деп, ойлодум ичимден.

Адатта жай турмушта кимдин эр жүрөк, кимдин суу жүрөк экенин билүү кыйын эмеспи. Согуш, жер титирөө,сел сыяктуу өзгөчө кырдаалдарда гана кимдин ким экени көрүнөт тура. Барно да 22-ноябрда Москвадан Бишкекке учуп келе жатып ойдо жок жерден өзгөчө кырдаалга туш келет. Самолет Бишкекке жакындап келгенде “Манас” аэропортунун конуу тилкеси көзгө сайса көрүнгүс коюу туман эле. Ошол себептен учак аэропортко конбостон, абада 45 минут айланып учат. “Эмне болду?”- деп,жүргүнчүлөр тынчсыздана башташат. Ошко же Алматыга конолу десе ал жакта да туман. Ташкенден тилке сурашса, алар уруксат беришпейт. Дүйшөмбү шаары гана келгиле –дейт. Ошентип, Дүйшөмбүнү көздөй учууга туура келет. Жүргүнчүлөрдүн тынчсызданганынын жөнү бар болчу. Анткени, адегенде Москвадан Бишкекке чейин үч жарым саат учуп келип, мына-мына үйүбүзгө жетебиз- деп,турганда самолет конбой учуп туруп алса, андан кийин коно турган жер табылбай Дүйшөмбү шаарын көздөй жөнөшсө, кимдин үрөйү учпайт. Кишиге не деген гана ойлор келбейт. Дал ушундай кырдаалда бир жигит отурган жеринен эс учун жоготот. Жанында отургандар эмне кыларын билбей айлалары кетет. Стюардессалардын да жигитти өзүнө келтирүүгө чамалары жетпей, жүргүнчүлөргө кайрылып,”араңарда дарыгерлер болсо, абалы оор жигитке жардам бергиле”-деп, жарыя берүүгө мажбур болушат. Бирок, салондо тынчтык өкүм сүрүп, бир жан козголбойт. Кыязы арада дарыгерлер болбосо керек. Өмүрүндө бирөөнүн кайгы-капасына, кыйынчылыгына кайдыгер карап үйрөнбөгөн Барно гана жигиттин жанына келет. Жигитти көтөртүп, арт жакка өткөргөн соң, тегиз жерге жаткырып, көкүрөгүн ныгыра-ныгыра басып, колун укалап, бетине суу чачып, келме келтирип ”ач көзүңдү, ач көзүңдү, дем ал!”-деп, чын ниетинен көпкө убараланып, алка-шалка тер кетип, бети чоктой кызарат. Ошол убакта жигит көзүн ачып, эки жагын чочулай караганда Барно кубанганынан “көзүн ачты, көзүн ачты”-деп, кыйкырып жиберет. “Иним, сага эмне болду? Бизди жаман коркуттуң го”- деди, кудум бир тууганы жашоого кайра келгендей сүйүнөт. Жигит обдулуп ордунан турайын дегенде , тургузбай, “жата тур”-деди. Кемеге түшкөндүн жаны бир дегендей алдыда отургандар да арт жакка кылчая карай беришет. Бир топтон кийин Барно жигитти салондун жолу менен ээрчитип өткөндө гана жүргүнчүлөр шатырата кол чабышып, “бали, азамат”-деген алкоо сөздөрүн жаадырып жиберишет. Барно жигиттин жанынан орун алат. Өзүнө келген жигит Барного кайрылып, “Сиздин кайра-кайра ач көзүңдү, дем ал”-деген сөздөрүңүз мага аябай алыс жактан угулуп жатты. Көзүмдү ачууга, турууга такыр дарманым жетпей жатты. Бирок, сиз кайра-кайра “ач көзүңдү”-деп, айта бердиңиз эле акыры мага кандайдыр бир күч келди, көзүмдү ачып жиберсем,маңдайымда сиз турупсуз.”- дейт жигит. Барно “ Сенин бир жериң оорудубу, эмнеге эс-учуңду жоготтуң, мурда ушундай болдуң беле?”- деп, сурайт. “Эч жерим деле ооруган жок. Бирок, мен көптөн бери иштеп жүрүп Москвадан туугандарымды, эли-жеримди аябай сагынып, тезирээк жетсек экен деп, ак эткенден так этип келе жаткам. Аңгыча эле самолет конбой ары учуп, бери учуп туруп алды. Андан соң Дүйшөмбүгө уча турган болдук-дегенде аябай көңүлүм чөктү, анан кантип эс учумду жоготконумду билбей калдым”-дейт жигит.

Ошентип Кыргызстандын самолету Дүйшөмбү шаарынын аэропортуна конгон соң, жүргүнчүлөрдү аэропорттун чет жакасындагы имараттын ээн залына алып барып түшүрөт. Ал жерден эч жакка чыкканга болбойт эле. Арадан эки жарым сааттай убакыт өткөндө жүргүнчүлөрдүн чыдамы кете баштайт. Анткени сегиз саат бою жейин десе тамагы, ичейин десе суусу жок жаш балдар менен улгайган адамдардын шалдырай баштаганын көргөндө Барно чыдай албай ошол жерде биздин жарандарды көзөмөлгө алып турган тажик милиционеринен аэропорттун администраторун чакырууну талап кылат. Бир убакта администратор келгенде Барно “тажик, кыргыз элдери мусулман элдерден болобуз, мусулман болгондон кийин кайрымдуу болушубуз керек да. Мына залда зарыгып отурган адамдар кечетен бери оозуна наар алалек, өзгөчө балдар менен карылар кыйналып кетишти” – деп, такылдата айтканда, ал уяттуу жигит экен “азыр, азыр”- деген бойдон чуркап кетет. Бир кыйладан кийин эки термос чай, нан-булочка салынган каробканы көтөрүп келип, “ушуну жаш балдар менен карыларга бөлүштүрүп берип туруңуздар?”- дейт. “Калган адамдар кезерип ачка отура береби, буларга деле көңүл буруп койсоңуздар жакшы болбойт беле?”- дейт Барно кайрадан.  “Бир аздан соң, сиздердин самолет Бишкекке учканы жатат, сиздер самолетко отурар замат тамак берилет”- дейт тажик администратору. Андан кийин ал жигит Барнону элдин алдына алып чыгып, “ушул эже өзүнүн тайманбастыгы, элине күйүмдүүлүгү, боорукердиги менен мага кыргыз аялдарынын күзгүсүн көрсөттү”- деп, айтканда, элдин баары туш тараптан “туура, туура”-деп, чурулдап жиберишет.

Ошентип “адашкан рейс” Бишкекке аман-эсен келип конот.Анын жүргүнчүлөрү бул жолу өзгөчө толкундануу менен тосуп алынат. Барного ыраазылык билдиришкендер да аябай көп болду. Ошентип атып ал элдин эң артында сыртка чыкса, баягы самолетто эси оогон жигит күтүп туруптур. Экөө шаарга чейин чогуу келишет. Жигит “эжеке,сиз мени өлүмдөн алып калдыңыз, мен сизди эч убакта унутпаймын, мен сиз менен бир тууган болом, мен сизге сөзсүз жолугамын”-деп, коштошуп кетет.

Бул окуяны мага баштан-аяк Барно айтып берди. Чөнтөк телефонуна жүргүнчүлөрдүн кантип самолетко түшүп жатканын, самолеттун Душанбе аэропортунда турганын тартып алган экен. “Ишенбесеңиз, мына бу телефондорго чалыңыз”- деп, бир нече номерлерди берди. Алардын ичинен аксылык Кожебек Узенбаев дегенге телефон чалсам, ал “Барно болбогондо жанагы эси оогон жигиттин адам болушу кыйын эле”-деп  айтканда бул окуянын чын болгонуна биротоло ишендим. Урматтуу окурман ушул окуя боюнча сизде кандайдыр бир ой пайда болсо, бизге жазып жиберсеңиз болот.

Абдимухтар АБИЛОВ