шык

Алмамбет Шыкмаматов учурда Адилет министрлигин жетектейт. Ар адамдын өмүрү сыяктуу анын да баскан изи кызыктуу. Анын жөнөкөйлүгү, билимдүүлүгү жана эң эле негизгиси, карапайым калкты түшүнө билгендиги чоң саясаттагы бактысын ачты. Министрди мактап, жактагандан алыспыз. Рубрикабыздын табиятына ылайык анын балалыгын ой тасмасынан көрөлү дедик. Анткени, ал ким болбосун, мендей, сиздей эле бала болгон да…

Үч жашында Майрам ападан айрылат

Союз мезгилиндеги интеллигент үй-бүлөнүн кожоюну Насыркан ата 1969-жылдын коңур күзүндө 21-октябрда Алмамбет аттуу уулдуу болот. Баланын төрөлүү мезгили апасы Майрамдын жогорку окуу жайындагы экзамен тапшырып жүргөн мезгилине туш келгендиктен, наристе Фрунзе шаарында төрөлгөн. Ошондо Майрам апа Кыз-келиндер институтунун сырттан окуу бөлүмүнүн 5-курсунун студенти экен. Ошол эле мезгилде ал Жумгалдагы Кызарт айылындагы орто мектепте башталгыч класстарга сабак берген. Ал эми атасы Насыркан да мектепте тарых сабагынан мугалим болуп эмгектенген. Совет доорунда өзүңүздөргө маалым болгондой агартуучу катары эсептелген мугалимдердин баркы бийик болуп, интеллигенциянын эң жогорку катмарында турган. Ошого жараша алардын үй-бүлөсүнөн чыккан балдар да эң тартиптүү жана үлгүлүү балдардан болуусун мезгил талап кылчу. Билим берүү ишин аркалап, эртеден кечке мектеп жумушу менен жүрүп, өзү иштеген мектептин директорлугуна чейин көтөрүлөт. Өздөрүнүн төрт баласына:”Тыкан, таза жүрүп, калп сүйлөбөй, жакшы окусаңар гана жакшы адам болосуңар. Алган билимиңер мыкты болсо, кийинки турмушуңарда да өмүр бою кереги тиет,– деп балдарынын билим алуусуна көп көңүл бурушкан экен. Арадан көп өтпөй, ушундай нукта күн кечирип келген бактылуу үй-бүлөнүн башына каран түн түшөт.

Алмамбет үчкө чыкканда апасы Майрам каза болот. Чиедей төрт бала менен калып, Насыркан ата бир топ эле турмуштун татаал күндөрүн башынан кечирет. Үй-бүлөдөгү шартка, бир чети тууган-туушкан, жакын санаалаштардын кеп-кеңеши боюнча да экинчи жолу турмуш курганга туура келет. Кийин үй-бүлөсү менен Фрунзе шаарына көчүп келишет. Өзү бул жактагы №5 мектепке мугалим болуп орношуп иштеп калат. Кийин уулу Алмамбеттин да мектеп босогосун аттай турган учуру келет. Шаарда өз үйү жок, квартиралап жүргөн үй-бүлөгө бир топ эле кыйын болгондуктан, 1-классты бүтөөрү менен Алмамбетти кайра айылга атасынын бир тууган агасы Эсенкан аттуу агасыныкына жөнөтөт. Аныкында жүрүп, 5-класска чейин окуйт. Ошол мезгилде булардын үй-бүлөсүнө Фрунзедеги “Асанбай” кичирайонунан кооперативдүү квартира берилген. Ошондо гана Алмамбет кайра шаарга келип, №5 мектепке келип кирген. 8-класста окуп жатканда улуу агасы үйлөнүп, жаш аялмет үй-бүлөнүн чарбачылыгына жана жаш бала карашууга киши керек болот. Ал жакка да “Атка жеңил, тайга чак болуп” Алмамбеттен өткөн киши табылбайт. Агасы менен жеңеси мектепте мугалим болуп иштешкен. Алардын ошондогу кызы менен уулун “зымпыйтып” Алмамбет карап баккан. Кийин атасынын ооруп калгандыгына байланыштуу ал кайрадан Фрунзеге келет да, №39 мектепке келип кирген. Тагдырдын оор сыноолору дагы бир ирет күтүп турган экен, ошол мезгилде Алмамбет таянар тоосу болгон атасынан ажырайт. Аны туулуп-өскөн жерине алып барып коюшкан. Атасы өткөндөн кийин кайрадан айылга барып, мектепти ошол жактан бүткөн. Кыскасы, Алмамбет бала чагында эле турмуштун ачуу-таттуусун көрүп, шартка байланыштуу жер которуштуруп эле жүргөн. Ошентип жүрүп 5 мектепте окуптур. Убагында ал нерсе жаш бала үчүн кыйын эле болгон. Үй-бүлөсүндөгү тагдыры оор болуп жатса, анан дагы улам эле жаңы атмосферага тушуга берүү жаш баланын психикасына учурунда терс таасирин аябай эле тийгизген. Турмуштун жеңил эмес сыноолору аны жаш кезинде эле ары-бери чайпап коюптур. Бирок, ошондогу көргөн кыйынчылыктары анын адам катары такшалышына, калыптанышына эң чоң сабак болгонун азыр “чоң киши” болгондо гана сезип олтурат.

Мектепте шок бирок, тырышчаак эле

Алмамбет мектепте окуп жүргөндө аябай шок балдардын бири болгон. Бирок, мугалимдин айтканын айткандай кабыл алып, эртеси күнү так ошондой айтып берген, сезимтал, бирдемени бат кабыл алган бала болуптур. География, тарых, орус тили жана адабияты сыяктуу гуманитардык сабактарды сүйүп окуган. №39 мектепте окуп жаткандагы окуяларды көп эстейт. Эң күчтүү, мугалимдердин арасында кадыр-барктуу, тарых сабагынан берген Ниязов аттуу мугалими сабак өтүп жатканда чымындын учканы угулуп турчу экен. Себеби, канчалык “бейбаш” класс болгондугуна карабай, окуучулардын баары андан коркушчу экен. Ниязов эмнегедир көбүнчөсү доскага: ”Кана, профессор Шыкмаматов!”– деп эле Алмамбетти чыгара бериптир. Ал чыкканда окуучулар тараптан: “Көбүрөөк сүйлөп, убакытты соз. Бизди бүгүн эптеп куткар” деген ишаратты кылышчу экен. Ал коңгуроо кагылганча тынбай сүйлөп, көп эле жолу классын “куткарыптыр”. Ал эми химия сабагында болсо, өздөрүн ээн-эркин сезишип, журналды уурдап алышып, алган жаман бааларын оңдошчу экен. Ошентип жүрүп, алар мектепте “хулиган” класс катары атагы чыккан. Айылдагы классташтары менен олтуруштарга далай жолу барып, күндүн суугуна карабай айыл жаңыртып, гитара менен ырдаган күндөрү, балалык кыял менен кыздарга жазган сүйүү каттары эсинде калыптыр.

Тиштин кирин соргон студенттик жылдар

80-жылдардын ортосунда элдер жогорку окуу жайларындагы тарых, экономфак жана юрфактарды эң престиждүү факультет деп эсептешкен. Көпчүлүк элдин психологиясында ушул факультеттерди окуп бүтүрүү менен гана келечекте кесип тандоодон жаңылышпай, түзүк жашайбыз деген түшүнүк менен алы жеткени да, жетпегени да ушуларга тырмышчу. Ошондуктан, аталган бөлүмдөрдүн бир эле орунуна 5-6дан талапкер болуп, тааныш-билиштиктин күчөп турган убагы болгон.

“Ата-энем болбосо, агам айылда турчу. Эжем болсо бир жерде иштеп, эптеп-септеп оокатын өткөрүп жүрсө. Менде кайсы баш көтөргөн тууганым же жакын таанышым бар эле деп өзүмдүн алыма жараша 1987-жылы Бишкектеги орус тили жана адабияты институтуна (ПИРЯЛга) тапшыргам. Себеби, сынакка илинүү оңой болгондуктан өтүп кеттим,– дейт ошондогусун эскерген А.Шыкмаматов.

Аталган окуу жайдын студенти болуп, жатаканада жашап жүргөн. 1-курсту бүтөөрү менен армияга алып кетиптир. Владивостокко жакын жердеги бир аскердик бөлүктө кызмат өтөйт. Кызыгы ал жерде жалаң эле олтуруп чыккандар экен. “Кайда барсаң мамайдын көрү” дегендей кызыктай бир аскердик бөлүктө алар менен чогуу табакташ болуп, бирге кызмат өтөгөнгө туура келет. Ошондон болсо керек, азыр түрмө жаргондорун айттырбай түшүнөт.

Бир жарым жыл кызмат өтөгөн соң, келип окуусун уланткан. Ошол жылдары союз таркап, алган биртке стипендиясы эч нерсеге жетпейт. Талон системасына өткөн “чалды-куйду” заман башталат. Болбогон стипендияны карап олтура бербей, кээде соода-сатык менен да иштемиш болуп, чөнтөгүнө болор-болбос тыйын таап, оокатын өткөрүп жүргөн. Көз ачып-жумганча окууну да аяктайт. Адистиги боюнча кыргыз мектептериндеги орус тилчи мугалими болгондуктан, нарындыктарга барып мектепте Пушкин, Толстой, Достоевскийди окутуш керек эле. Антип кетүүгө буту тартпайт. Дегеле, айылга эч кимдин кеткиси жок. Курсташтары, анын ичинен да жакын санаалаштары эбин таап, ар кайсы жерлерге орношконго аракет кыла башташат. Айрыкча ошол убакта ал каржы жагынан аябай кыйналган. Ошондон улам кээде жакын достору менен майда-чүйдө бизнестерди кыла коюшчу. Ал мезгилдеги “бизнес” деген түшүнүк – арзан алып, кымбат сатуу дегенди гана түшүндүргөн. Бирок, андай бизнестен деле жолу болбойт.

Аны эмнегедир башка нерселер ойго салган. Жүрөгүн өйүгөн маселелер түйшөлтүп, пионер-комсомолду жок кылып, “бандиттин” башын көтөргөн Горбачевго наалат айтчу.

Ошондогу күндүн деми болгон алтын боюнча түзүлгөн комиссиянын иштерин, легендарлуу парламентти теледен үзбөй көрүп, эмнегедир саясатка эле тартыла берчү.

Чоң саясатка кадамы. Кантип “Ата Мекенчи” болду?

1997-жылы Улуттук университеттин юридика факультетине тапшырган. Андан кийин студент кезинде эле иштеп жүргөн Свердлов райондук сотуна сот аткаруучу болуп кызматка орношкон. Граждандык кодексти экинчи Конституция деп эсептеп, аны үстүртөн эмес, толук кандуу билиш үчүн күндүр-түндүр орусчадан кыргызчага которгон. Аталган тармакта иштеп жүрүп, чоң сыноолорду башынан өткөргөн. Ал убакта мобилдик телефон, интернет, автоунаа дегендер кайда. Терүүчү машинкадан башка эч нерсе болбогондуктан, андагы иш менен азыркыны салыштыруу асман менен жердей эмеспи. Алимент, газ, электр энергиясы үчүн төлөбөгөн карызгерлерди табуу үчүн шаарды түрө кыдырып, аларды жөө-жалаңдап издешкен. Албетте, алар сот аткаруучуну “төргө өт” деп тосуп алышкан эмес. Кээде аны жек көрүп, ага карата итин агытып, ашатып сөккөндөрдү да көргөн. Анын карамагындагы жер “Төмөнкү Дордойдон” борбордук чиркөөгө чейинки аймак болгон. Мындай жөө кыдырмай жумасына 2-3 жолу болчу. Бир жолкусунда шерик кылып дос баласын кошо ээрчитип чыкканда анысы жарым жолдон эле эси ооп калайын дептир. Аны автобуска салып жиберип, кийин “жөө жүрүшүн” жалгыз уланткан экен. Бала кезинен эле кыйынчылыкка бышып, чыйралган сот аткаруучуга мындай жеңил эмес ишти аткаруу, өтө деле кыйынчылыкты туудурган эмес.

Буга чейинки баскан изи чоң сабак болуп, кийин Мамлекеттик каттоо кызматына барганда да, ага байланышкан эң керектүү мыйзамдарды иштеп чыгарган. Ал жерден кайра Свердлов райондук сотуна чакырылган. Анда консультант, кийин улук консультант болуп, андан соң Жогорку сотко келген. Ө.Текебаев спикер болуп турганда сынак менен ЖКнын юридикалык бөлүмүнө бөлүм башчылыкка келет. Бирок, Ө.Текебаевдин сунушу менен анын жардамчысы болуп орношкон.

2005-жылы “Ата Мекен” партиясынын аппарат жетекчиси болуп иштеп, ошондон кийин анын чоң саясаттагы жолу ачылган. 2008-жылы Түптөгү Каркыраны бербөө үчүн болгон күрөштөгү оппозиционерлердин алдыңкы сабында жүргөн.

Үй-бүлө очогу

Келинчеги Жанара менен 1996-жылы 7-мартта достордун бир олтурушунда таанышкан. Көрүп эле жактырып калгандыктан, кийин артынан калбай жүрүп, 1998-жылы ага үйлөнүп алган. Жанара менен 15 жылдан бери турмуш арабасын чогуу тартып, 3 уул, 1 кыздуу болушкан. “Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат” деген сыңары атасынын берген тарбиясын эми өз балдарына бергенге аракет кылат. Келечекте аларды татыктуу, кыргыздын керегине жараган инсандардан болсо деп тилейт. Айрыкча, алардын татыктуу билим алуусуна көңүл бурушат. Эркек балдары улуу болгондуктан, алар менен өзү, кызы менен апасы алектенет. Шаарда өсүп жаткан балдарына эркелетпей “катуу” тарбия бергенге аракет кылат. Мектепте бирөө-жарым сабап кое турган болсо, аны нормалдуу көрүнүш деп эсептейт. Андай учурда уулдарына болушмак турсун, тескерисинче: “Эркек деген эркектей болуш керек,” – деген сөзүн жооп катары айтат. “Ач бол, ток бол, тынч бол” дегендей үй-бүлөдөгү тынчтыкты, аман-эсендикти баарынан кымбат көрөт.

Өмүрлүк жолдошу Жанара 4 баланы удаа төрөп, бирин окууга узатып, бирин тосуп алып, кызын бала бакчага жеткирип, андан башка үйдүн толуп жаткан түйшүгүн жалгыз өзү аткарат. Ал буга чейин Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. Кесиби боюнча филолог. УИАнын Манас таануу институтунун аспирантурасын аяктаган.

Бактыгүл КУЛАТАЕВА