Элина

Биздин мекенибизге кимдер гана келип кетпеди… Ар кимисинин максаты ар башка – бирине биздин кооз жаратылыш кызык, башкасына элибиздин маданияты, тарыхы, үрп-адаты, кол өнөрчүлүгү. Ошолордун арасынан калифорниялык мектеп жашындагы окуучу кыз өзгөчөлөнүп турат. Аты – Мириам, ушул жайкы каникулда ата-энеси менен Кыргызстанга биринчи жолу барды.

Кайра Америкага барганда ал «Кыргызстан мага жакты, силер жакшы, меймандос жана ачык калк экенсиңер. Бардыгыңар бири-бириңерди тааныйт турбайсыңарбы. Жаратылышыңар абдан кооз, дагы баргым келет» деп көргөн-билгенин ортого салды.

Мириамдын Кыргызстанга болгон сапарынын максаты – айылдагы бир мектепке интернет аркылуу англис сабагын окутуу эле. Ойлогону ишке ашып кыргыздын алыстагы бир айылдык мектебинен колдоо тапты. Бардык шарттарды түзүп берди – ала барган ноутбугун белек кылды, тынымсыз интернет менен камсыздады. Бардык чыгымды өзү көтөргөн бул кичинекей мугалимдин алдыда дагы жакшы демилгелери бар. Айылдагы мектеп окуучуларынын кубанычын, кызыкканын айтпаңыз! Калифорниялык кичинекей окуучу кыздын жасаганына ыраазы болуп, азыркы заманда кандай пайдалуу мүмкүнчүлүктөр бар, дагы ушундай аракеттер көбөйсө экен деймин. Инвестицияларды башкача жол менен деле жасаса болот экен да, чет элдик кичинекей окуучунун деле колунан келбедиби…

Мириям үч тилде эркин сүйлөйт, акыркы жылдары өзү мурда окуган башталгыч мектептеги окуучуларга француз тилин бекер окутат. Мектепте дагы төрт жыл окуйт, спорт жана музыка менен алек, сүрөт тартат. Бош убактысын көрө элекмин, эс алган күнү болбосо деле керек.

Кичинекей англис тил мугалими Кыргызстан тууралуу көп билгиси келет, бизден ар кандай суроолорго жооп күтөт. Мен Мириямга «Курманжан Датка» тасмасы, Садык Шер баш болгон чыгармачыл топ  жана кыргыздын ХIХ кылымдагы тарыхынан кеп салам. Жакында тасмада башкы ролду аткарган Элина Абай кызы менен жолукканымды, Элина бардыгыбызга абдан жакканын айтып бердим. «Акылдуу кыз экен, буюрса дагы бир топ жакшы ролдорду жаратат. Абдан жөнөкөй, кичипейил, адамгерчиликтүү» деп интернеттеги сүрөттөрүн барактадык. Мириам бизге кайрылып «Мен Элина менен таанышкым келет» деди. «Буюрса таанышасыңар, Элина азыр Калифорнияда» деп жооп узаттым.

Маегибиз Курманжан Датка энебиздин тагдырынын тегерегинде уланып калды. Финляндиянын болочок президенти убагында Орусия армиясынын полковниги Карл Густав Маннергейм Курманжан Датка менен кезиккенин, калтырып кеткен сүрөттөрүн карап чыктык. Маннергейм менен жолукканда «Алай канышасы» 94 жашта болгон, атты минип бастырып кеткенде бардыгы таң калган экен. «Орустун генералы, финдердин маршалы, Сталинди жеңген жоокер башчы, Финляндиянын президенти – Карл Густав Маннергейм» тарыхка Алай ханышасын сыймыктанып «кыргыздын биримдигин, кыргыздын жерин, тагдырын коргоп келген эл башы, эл энеси» деп баалап кеткен…

Элина Абай кызындай кыздарыбыз дагы чыкса экен – акылдуу, таланттуу, ачык жана жөнөкөй кыргыз кызы. Ийгилик болсун, Элина, биз сени менен сыймыктана берелик. Мириам сиз менен жолуккусу, таанышкысы келет, буюрса албетте жолугасыңар. Мириам да сизге окшоп талыкпай эмгектенген, билимдүү, акылдуу кыз. Максатыңар, аракетиңер, жолуңар бир – кыргыздын билимдүүлүгү, ынтымагы, келечеги. Силердей акылдуу, эмгекчил жаш кыздар дайыма бирге болсун, бири-бирин колдошсун, сыймыктансын. Элдин сыйына, батасына дайыма татыктуу болгула.

Рысбек Абдылдаев, АКШда жашаган кыргыз профессору