Гүлниза Бейшембиева:”Атаандаштык системасында дос тууганга карап эмес татыктууларга жол ачылды”
Гүлниза Бейшембиева, Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Чуй облусттук башкармалыгынын жетекчисинин орун басары.
– Убакытты кандай пайдаланасыз? Таңды кантип тосуп аласыз жана узатасыз, сиздин бир күндүк иш күнүңүз кандай болот?
– Күндү жакшы маанай менен баштаганга аракет кылам. Эртең менен сөзсүз бир чашка кофе ичип, жагымдуу музыка угуп, интернеттен жаңылыктарды окуудан баштайм да, анан ишке өтөм. Келерки күндү кантип өткөрө турганымды алдын ала пландаштырам. Иш көп болгон учурда жумалап алдыга убактымды бөлүштүрөм. Күнүнө 6дан кем эмес кыла турган иштеримдин тизмесин жазам. Кечинде убактымды кандай пайдаландым, кайсы иштер бүттү белгилейм, кылынбай калган иш кийинки күндүн тизмесине өтөт. Бул системага көп жылдан бери көнүп калгам, тизмеме түшкөн иш сөзсүз бүтөт. Менде күтүүсүз пландаштырылбаган иштерге убакыт болбойт, достор менен жолугушуу, конокко барган сыяктуу иштерди да алдын ала пландаштырам.
– Сиздин балалыгыңыз окурмандарыбызды кызыктырат, балалыгыңыз кайсы жерде өткөн, кичинекей кезиңизде эмнелерди тилек кылчусуз жана эмнелер бүгүнкү күндө орундалды?
– Балалыгым Чүй боорундагы Он-Бир-Жылга деген айылда өткөн. Үйдө кенжеси болгондуктан үй жумуштарын көп жасачу эмесмин, оокатты эжелерим кылып, мен болсо кечке чейин досторум менен ойночумун. Бакчанын ичинде олтуруп алып көп китептерди окуп убакыт өткөрчүмүн. Мектепте алдыңкы окуучулардан болуп, мектепти артыкчылык менен бүткөм. Жогорку класстарда мектептин президенти деген наамга ээ болуп, ар кыл иш-чараларды уюштурганды жакшы көрчүмүм. “Жаштын тилегин берет” деп чоң апам көп айтчу, буйруса кичинекейимде тилек кылгандарым орундалып келатат.
– Ата-эне, бир туугандарыңыз жөнүндө айтып берсеңиз?
– Апам мен үчүн, эң күчтүү баатыр адам. Атам мен төрөлгөн жылдары каза болгон. Апам 5 бала менен жаш кезинде жесир калып, ага карабастан баарыбызга татыктуу тарбия берген. Апам азыр пенсияда, мен жасаган ар бир ишим, жетишкендиктерим апам үчүн. Бир туугандарым жөнөкөй, адамгерчилүктүү адамдар. Баары менден улуу болгондуктан, өздөрүнүн үй-бүлө, бала-бакыралары бар. Майрам, белгилүү даталарда, апамдын үйүндө, той-топурларда жолугуп турабыз. Бири-бирибизге карамдуу, күйүмдүү, боорукер бир туугандарбыз.
– Аял деген алсыз болушу керек деген сөзгө кандай карайсыз?
-Аял, эркек деп деле бөлбөйм. Адам күчтүү, эч кимден көз карандысыз болсо өзүнө жакшы. Азыркы коомдо аял эркектин ролу бирдей эле, аялдар эркектерден эч калышпай баардык тармактарды багындырып жатышат. Аял күчтүү болсо, демек, ал болочок үй-бүлөсүн кандай гана абалдан болбосун алып чыга алат.
– Сырыңызды ким менен бөлүшөсүз?
Сырымды апам, эжелерим, досторум менен бөлүшөм. Андан тышкары 20 жылдай болуп калды күндөлүк жазганды жакшы көрөм. Ал жерге ар түркүн болгон окуяларды, ой-толгоолорумду жазам.
– Кайсы сапаттарга ээ адамсыз жана кайсы сапатыңыз өзүңүзгө жага бербейт?
– Мага жаккан сапаттарым – абдан жоопкерчиликтүүмүн, мага бирөөнүн көзөмөлүнүн кереги жок. Кандай абал болбосун тез, туура чечимдерди кабыл ала алгандыгым, иштермандыгым, жасалып бүткөн иштин жыйынтыгын карап өзүмө ыраазы болом. Жаңы нерселерге ачыктыгым, бир орунда турбай окуп, үйрөнүп, жаңыны өздөштүргөндү жакшы көрөм. Кемчиликтерим да бар, ачуум чукул, бирок тез эле жазылып кетем. Бетке айтып салганым, бардык адамдар менен эле тил табыша албагандыгым.
– Чакан кечелерде ырдайсызбы?
-Жок такыр ырдабайм, ырдап да көргөн эмесмин. Досторумдун арасында жакшы ырдагандар бар, аларды укканды эле жакшы көрөм.
– Өзүңүзгө кантип кам көрөсүз жана кандай үлгүдөгү жана түстөгү кийимдерге басым жасайсыз?
– Бош убактым болгондо спорт залга барам, жайкысын бассейнге барам. Бардык эле аялзатындай болуп салондордун кызматтарын пайдаланам. Бош убактым болгондо үйдөн түркүн маскаларды жасайм. Ачык түстөгү кийимдерди жакшы көрөм. Гардеробумда негизинен кызыл, көк, жашыл, ак түстөгү кийимдер көп. Иш учурунда негизинен классикалык кийимдерди кием. Бош күндөрү мага джинсы, футболка, спорт кийимдерин кийген ыңгайлуу.
– Кайсы тамакты катыра жасайсыз?
– Учурда дээрлик тамак жасабайм деле. Коноктор келгенде тамак жасап калам. Күндүз кечке иште болом, негизги рационумду жашылча-жемиштер түзөт. Көңүлүм келсе блинчик жасайм, жакшы жасаган тамагым ошол.
– Адам баласында сүйүү түбөлүктүү эмес, ал алгач алоолонуп күйөт, бирок акырындык менен өчө баштап, көнүмүш адатка айланып калат дешет… Сиздин жашоо практикаңызда сүйүү кандай болду?
– Сүйүү убакыттын өтүшү менен өчүп калат деп бир тараптуу айтыш кыйын. Бул сүйүшкөн эки адамдын бири-бирине болгон мамилеси, ошол сүйүү сезимдерин сактай билүүсүнөн көз каранды. Сезимдерин сактай билишпесе, албетте, убакыттын өтүшү менен сүйүү да жок болот. Мен чыныгы сүйүмдүү жолуктура элек болсом керек, баардыгы алдыда деп ойлойм.
– Эмне үчүн депутат болгонсуз?
– Депутат болуу бул жөн гана мансапка, бийликке умтулуу эмес, мандат менен кошо депутатка чоң жоопкерчилик да жүктөлөт. Жөн жерден депутат болуп калган жокмун. “Ата Мекен” саясий партиясында студент кезимден мүчө болуп, жаштар канатын түзүү, аялдар канатын түзүү, партиянын регионалдык уюмдарын күчөтүү багытында иш алып барган активдүү жаш мүчөлөрүнөн болгом. Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдер коомго жаңы социалдык-экономикалык өзгөрүүлөрдү алып келет. Депутат катары чечимдердин сапатына таасир этип, жаңы өзгөрүштөрдү алып келүү, кичи мекенимдеги чечилбеген көйгөйлөрдү чечип, элге кызмат кылуу максат болгон.
– Иштеп турган маалыңызда кандай мыйзам долбоорун сунуш кылдыңыз?
–Убакыт тар болгондугуна байланыштуу көп идеяларды ишке ашырганга жетишкен жокмун. Аз убакыт болсо да көп тажрыйба топтогонго жетиштим. Баары алдыда деп ойлойм.
– Парламенттик башкаруунун артыкчылыгы эмнеде деп ойлойсуз?
– Парламенттик башкаруунун артыкчылыгы бардык кабыл алынып жаткан чечимдер ачык айкын талкууланып жатат. Ар бир жаран талкууга катышып өз сунушун бере алат. Кандай гана маселе болбосун кеңири талкуу болуп жатат. Массалык маалымат каражаттары сөз эркиндигине ээ болуп, коомдогу, саясаттагы терс көрүнүштөрдү сынга алып, тазаланууга салым кошуп жатышат. Бул атаандаштык системасында дос тууганга карап маселе чечилбестен, татыктууларга жол ачылды. Бийлик бутактары бирин-бирин көзөмөлдөп иш алып баруусу коррупциядан арылууга да өбөлгө болот.
Суроо салган Мээрим БАКТЫБЕКОВА


Leave a Reply