Депутат А.Сулаймановдун колдоосу менен Ноокатта окуучулар арасында райондук II олимпиада өткөрүлдү
Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулаймановдун демилгеси жана колдоосу менен Ош областынын Ноокат районунун окуучуларынын арасында Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына арналган кыргыз тили жана адабияты, математика жана информатика боюнча райондук II олимпиада өткөрүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.
Иш-чаранын максаты кыргыз тилин жана кыргыз маданиятын, тарыхын, этнографиясын, педагогикасын ж.б. баалуулуктарын сыйлай билген, жазуу маданиятын сапаттуу өздөштүргөн, математика жана информатика предметтерине кызыккан, заманбап технологияларды мыкты өздөштүргөн айыл ичиндеги таланттуу улан-кыздарды табуу, алардын мугалимдерин, тарбиячыларын, мектептерин шыктандыруу жана аларга материалдык-моралдык жактан колдоо, окуучулардын илимге жана билим алууга кызыгууларын активдештирүү болду. Дилбаяндар “Мамлекеттүүлүктү бекемдөө – ар бир инсандын ыйык милдети, «Ак калпак кыргыз журтуна Ала-Тоодой бел болгон…» («Манас» эпосундагы Манастын образы), «Тоо булбулу Токтогул» (Т.Сатылгановдун 150 жылдыгына карата), «Мен тансам, жаштан танам, ырдан танбайм» (Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына карата), «Ак кымкаптан тон албаган» акын Барпынын дүнүйө, аалам жана адам тууралуу ырлары, «Мезгил жетип кулач урбай мухитке, он жети жаш бекер кетти, күйөмүн» (К.Тыныстановдун адабий жана илимий ишмердүүлүгү жөнүндө), Айылды көтөрүү — жалпы мамлекетти көтөрүү «Мен таза болсом, сен таза болсоң — коом таза болот» (И.Раззаков) деген темаларга, окуучунун тандоосуна жараша жазылды.
Кыргыз тили жана адабияты, математика жана информатика предметинин олимпиадасы 10-11-класстар арасында 3 этапта жүргүзүлдү. Математика жана информатика предметтери боюнча окутуунун тилине карабастан бирге өткөрүлүп, тапшырмалар бирдей тандалды. Мектепте жана аймактарда мыкты деп табылгандар 5-декабрда райондук финалдык турда өз күчүн сынашты. Конкурстук комиссияга калыстар тобуна Ош жана Бишкектин жогорку окуу жайларынын профессор менен доценттери кирген. Ошол эле күнү олимпиаданын жеңүүчүлөрү аныкталып, окуучуларга баалуу сыйлыктарды депутат А. Сулайманов тапшырды.
Ар бир номинацияда биринчи орунга ээ болгон мектеп окуучусу ноутбук алды, мектебине персоналдык компьютер тапшырылды, ал эми окуткан мугалимдерге акчалай сыйлык берилди. Экинчи жана үчүнү орундарды ээлеген окуучуларга планшет, чөнтөк телефондору, мектептерге китептер комплектиси, окуткан мугалимдерге акчалай сыйлыктар тапшырылды. Белек китеп комплектисине кыргыз тили жана адабияты, математика боюнча методикалык колдонмолор жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын 8 томдук толук жыйнагы кирген.
Окуучуларды жана мугалимдерди куттуктаган Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов былтыр ушул маалда биринчи олимпиада өткөрүлүп, аны салтка айлантуу боюнча жакшы сөздөр айтылганын эске салды. “Ийгиликке жеткирген мугалимдердин эмгегин өзгөчө баалайм, жылдан жылга көрсөткүчтөр жогорулап жатат”, – деди А.Сулайманов. Окуучулардын мындан аркы ийгиликтерге шыктандырыш үчүн депутат айылда чоңоюп, Ноокат билимканасы мектебин мындан бир нече жыл бүтүргөн, учурда Японияда Кумамото университетинде 6 жылдан бери иштеп жаткан, нанотехнология тармагында алдыңкы жетишкендиктерге жетишкен кыргызстандык Эмил Өмүрзак уулун мисал келтирди. Эл өкүлү ал менен жакында Японияга болгон иш-сапарында көрүшкөн.
Жогорку Кеңештин депутаты Абдыжапар Бекматов да жеңүүчүлөрдү куттуктап, “Мугалим – өзгөчө адам, анын эмгеги менен Кыргызстандын келечеги түптөлүп жатат, ушул балдар Кыргызстанды көтөрүшөт. Мен сиздерге ийгилик каалайм”, – деди.
Олимпиаданын жүрүшүндө орус жана өзбек тилдүү мектептер да кыргыз тили жана адабияты боюнча жогорку билим деңгээлин көрсөтө алгандыгын калыстар тобу белгилешти. Мугалимдер республикалык деңгээлде райондун мектептеринин билим көрсөткүчтөрү жогорулаганын айтышты.
Leave a Reply