Депутат М.Бакиров:“37% жайыт деградациялык абалда экенин эске алуу менен аларды сактап калуу, оптималдуу башкаруу максатында мыйзам долбоору иштелип чыккан”
Бүгүн, 8-декабрда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорунун концепциясы каралып, жактырылды.
Мыйзам долбоорунун демилгечилери – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттары Мирлан Бакиров, Абдулатип Режавалиев, Акылбек Султанов, Бакыт Төрөбаев. Талкууда талаш-тартышты жараткан жагдай жайыттардын чеги болду. Эл өкүлдөрүнүн белгилөөсүндө, эки облустун, эки райондун ортосунда талаш болгон жайыттар бар. Мындай жагдайлар конфликттик кырдаалды ар дайым жаратып келет. Депутат М.Бакиров айыл аймактары администрациялык бирдик катары чек аралары так аныкталганын айтып, ага жараша жайыттардын чек араларын кайра түзүүнүн кандай кажети бар деген пикирин ортого салды. Администрациялык бирдикке айдоо жана башка жерлер киргени менен жайыттар кирбей калганын, мындан сырткары, айрым айыл аймактарынан дагы башка айыл аймактары бөлүнүп чыккан фактылар бар экенине токтолгон депутат Талантбек Узакбаев аларды тууралап, тактап, мыйзам келечекте иштегендей кылып кабыл алуу керектигин билдирди. Депутат Эркингүл Иманкожоева жайыттар деградация болсо кимдер жоопко тартылаарын долбоордо тактап жазуу талап кылынаарын демилгечиге жолдоду. Комитет төрагасы Сайдулла Нышанов жалпы эле жайыттарга дыкат көңүл бура турган мезгил келгенин айтып, депутаттар сунуштагандай бул маселеге олуттуу мамилен жасап, Коомдук угууларды уюштуруу менен көтөрүлгөн көйгөйлөрдү тактоону сунуш кылды. Ал эми мыйзам долбоорунун концепциясы жактыруу боюнча чечим кабыл алынды.
Мээрим БАКТЫБЕКОВА


Leave a Reply