Талант Өмүрбеков

Зомбулуктун курмандыгы болгон 2 жашар Ибрагимдин абалы туралуу №3 балдар оруканасынын башкы дарыгери Талант Өмүрбеков билдирет:

– “Ибрагим атайын бөлүмгө которулган. Колу-буту кыймылдап, тамак ичип калды. Бирок, эсине келе элек. Учурда атайын үч медайым карап жатат. Ибрагимдин бир айлык тамагын жана медайымдардын бир айлык акчасын Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова жана Свердлов районунун акими Алтынай Өмүрбекова каржылап берген. Жогорку Кеңештин төрагасы да ооруканага жардам көрсөттү. Азыр бир аппарат сатып алганы турабыз.

Ал эми бул балага деп атайын чогулуп жаткан каражат үчүн банкта эсеп ачылган. Эл тарабынан жардамдардын баары баланын атайын банктык эсебине которулууда. Түшкөн каражаттарды “Балдардын укугун коргоо лигасы” фондунун жетекчиси Назгүл Турдубекова көзөмөлдөөдө.

– Ибрагимдин абалында жылыш барбы, мындан кийинки саламаттыгы кандай болушу мүмкүн?

– Баланын башын дагы бир жолу томографиядан өткөрдүк. Дары-дармек жетиштүү. Бир эл аралык уюм чет өлкөлүк реаниматологго да көрсөттү. Дары-дармектерин көрүштү. Азыр түтүкчөсүз өзү дем алат, бирок, бат эле шайы ооп жатат. Дарылоо процесси бүтө элек. Эсине келсе эле дарылоону мындан да күчөтөбүз. Балага реабилитация керек. Ибрагимдин көзүнөн кооптонуп турам, көрбөй калышы да ыктымал.

– Чет жакка алып чыгып, ал жакта дарылатуу зарыл эмеспи?

– Буга чейин 2-3 ай эсин жоготуп жатып, кайрадан өзүнө келген окуялар болгон. Күн сайын бардык адистер менен консилиум кылып жатабыз. Чет өлкөдө дарылоонун зарылчылыгы жок.

– Ибрагимдин өзгөчө кайсы органдарынын жабыркоосу кооптуу болуп турат?

– Баш мээсинен башка ички органдары иштөөдө. Бала заңдап, заара кылып, жаракат алган жерлери бүтүп калды. Болгону эсине келе албай жатат. Бала бизге келип түшкөндө баккан атасы 3 саат өттү деп айткан. Эгер жаракат алганда эле дароо келгенде жакшыртуу батыраак болмок беле деп да ойлойбуз. Мээсине же чел кабыктарына кан куюлуп кеткен жери жок. Толук болбосо да, шишиги тарап жатат.

– Үй-бүлө мүчөлөрүнөн балдарга зомбулук көрсөткөндөр кимдер болуп эсептелет?

– 1996-жылдан бери зордук-зомбулукка дуушар болгон балдарды тизмектеп келебиз. Мурда таяк жеп, ур-токмоктон жапа чеккен балдар түшчү. Ал эми 2009-жылдан тарта балдарга карата сексуалдык зомбулук күч алды. Атайын изилдөөгө таянсак, биринчи орунда аталар, экинчи энелер турат. Үйдүн улуу эркек баласы, андан кийин өгөй ата эне, тууган туушкандар да тизмеде. Балдар аялуу, кичине болгондуктан үй-бүлөдөгү айрым маселелердин курмандыгы болуп, чоңдор ачууларын үйдүн кичинесинен чыгарат.

 Мээрим БАКТЫБЕКОВА