Экс-мэр И.Өмүркуловдун кичүү уулун уурдап, унаасын тартып алган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды
Бүгүн, 5-декабрда ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, ушул жылдын 2-сентябрында саат 04:00 чамасында Бишкек шаарынын Токтогул көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишинен 25-30 жаштардагы белгисиз 4 адам 19 жаштагы Бакай Өмүркуловго (Бишкек шаарынын мурунку мэри Иса Өмүркуловдун баласы) таандык «Мерседес-Бенц GL-350» унаасын, буюмдарын тартып алышып, андан соң унаанын ээсин сабап, ээн талаага алып барып ташташкан.
Аталган факты боюнча КРнын «Адам урдоо», «Каракчылык», «Унааны мыйзамсыз ээлеп алуу» беренелери менен кылмыш иши козголгон.
Алдын ала маалыматтар боюнча кылмыштуу топ кымбат баадагы унааларга түн ичинде кол салып, андан соң аларды Ош шаарына жеткирип турушкан.
Кармалгандар:
– С.С., 1987-жылы Жалал-Абад облусунун Аксы районунда туулган, Бишкек шаарынын тургуну, мурда соттолгон. Кармалган учурда 9 мм калибрлүү «Байкал» ок атуучу куралы ок-дарылары менен алынды.
– А.А., 1983-жылы Аксы районунда туулган, Бишкек шаарынын тургуну. Мындан тышкары Жалал-Абад облусунда болгон каракчылык фактысы боюнча издөөдө жүргөн.
– С.А., 1990-жылы Аксы районунда туулган, Бишкек шаарындагы жаңы конуштардын биринин жашоочусу.
Учурда аталган ишке катыштыгы бар башка жарандардын өздүгүн тактоо жана аталган жарандардын ушул сыяктуу башка дагы кылмыш иштерине катыштыгы боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Кармалган жарандарга карата Биринчи май РИИБ тарабынан кечээ, 4-декабрда 2 айга камакка алуу чечими чыгарылды.
Булак : Баракелде


Leave a Reply