пожарник
 Бишкек шаарындагы Тоголок Молдо көчөсүнүн №151 дарегинде жайгашкан 6-батирден өрт чыгып, түтүнгө ууланган эки адамдын жансыз денелери табылды.

Бүгүн, 5-декабрда ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган даректеги үйдүн ээси 38 жаштагы Казанин Сергей Борисович жана анын досу 51 жаштагы Винников Иван Анатольевич тамеки тартуудагы этиятсыздыктан улам чыккан өрт кырсыгынын кесепетинен каза болду.

Мындан тышкары, уктоочу бөлмөнүн 2 чарчы метр жыгач полу, 2 чарчы метр палас күйүп кетти.