Борбордо унаанын дөңгөлөктөрүн уурдоого шектелген өспүрүмдөр кармалды
Бишкек шаарында унаанын дөңгөлөктөрүн уурдоого шектелген өспүрүмдөр кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга 30 жаштагы А.У. аттуу шаардын тургуну кайрылган. Анда ал 19-декабрдан 20-декабрга караган түнү көп кабаттуу үйдүн алдына токтотулган Тайота-Камри үлгүсүндөгү унаанын 2 дөңгөлөгүн белгисиз жарандар чечип кеткенин айткан. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 12 миң сомду түзгөн. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында, кылмышка шектүү катары 18 жаштагы Ч.М, 16 жаштагы М.Э. жана 16 жаштагы Н.А. атуу өспүрүмдөр кармалды. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.
Булак: super.kg


Leave a Reply