флеш1

Бишкекте өткөн аптанын соңунда Кыргызстандагы балдар үйлөрүнөн жана мектеп-интернаттарынан чыккан жаштардын тобу интернат мекемелериндеги жаштардын абалына көңүл бурдуруу жана бул жаштар  үчүн социалдаштыруу жана өнүктүрүү каражаты катарында “белек” аттуу флешмобун өткөрүштү. Бул тууралуу 22-декабрда аталган иш-чаранын уюштуруучулары билдиришти.

Иш-чара интернат мекемелеринде жашаган жаштардын өзүн-өзү баалоосун жогорулатууга, инсандыгын өнүктүрүүгө жана социалдык жөндөмдөрүн жогорулатууга багытталган “Jasa.kg” прогараммасынын өттү.

Жаңы жылды майрамына арналган саамалыкта катышуучулар достук, сүйүү, эркиндик, тынчтык жана кубаныч сыяктуу кереметтерди жана баалуулуктарды чагылдырган бийлерди аткарышты. Соңунда топтор чогуу бийлеп жана көрүү үчүн келгендерге кагазга жазылган калоо-тилектери бар шарларды таратышты.

Булак: super.kg