БАКС
 Бишкек шаарынын Свердлов райондук прокуратурасы тарабынан Свердлов районунун Социалдык фондунун жооптуу кызматкерлерине Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренеси (пара талап кылуу) жана 304-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголду, деп билдирди 23-декабрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.

Анда аныкталгандай, Свердлов районунун Соцфонд кызматкерлери И.Г. аттуу жарандан камсыздандыруу полисин чакыртып алуу үчүн ай сайын 2 миң сом талап кылып турушкан.

Учурда бул иш боюнча райондук прокуратура тарабынан тергөө иштери жүрүп жатат.