авар
 23-декабрда болжол менен саат 20:30 чамасында Балыкчы-Кубакы-Торугарт автожолунун 1-чакырымында Кытайдын жараны 50 жаштагы Хиянг «Хово» унаасын Бишкек багытын көздөй айдап бара жатып жол четиндеги тосмолорго (бетон тосмолор) өтүп кеткен.

Жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен улам алган жаракаттарынан автоунаанын айдоочусу жана Нарын облусунун 31 жаштагы тургуну, унанын жүргүнчүсү Адилет каза болду. Аталган кырсык боюнча топтолгон материалдар тергөө органдарына өткөрүлүп берилди.

Сутка ичинде республика боюнча 19 жол-транспорт кырсыгы катталды.