Кечээ, 4-мартта Бишкек шаарынын 32 жаштагы тургуну И.Элиза Ленин РИИБге кайрылып, анын 2003-жылы туулган кызы Шаршеналиева Диананы издөөгө жардам сураган.

Арыздануучунун айтымында, мурунку күнү 3-мартта саат 19:30дар чамасында Диана Ак-Өргө конушундагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайра келген эмес.

Диананын өзгөчө белгилери: бою 130 см, орто дене түзүлүштө, чачтары кара, бет түзүлүшү тегерек, кара күрмө, ак водолазка, кара түстөгү кофта, кара шым жана кара бут кийим кийип кеткен.

Ленин РИИБ бишкектиктерден Диана тууралуу маалыматтары болсо 0557 54 00 82, 0 555 45 05 25, 0 312 35 26 05 телефон номурлары аркылуу же 102 кызматына билдирип коюуну өтүнөт.