Кыргызстандын ички иштер министри Мелис Турганбаев АКИpress’ке, кечээ Бишкекте 25 жаштагы Гүлжигит Абилазизов кармалганын тастыктады. Ал Минскиде Алманбет Анапияевдин өлтүрүлүшү боюнча анын жанында жүргөн жакын жөкөрү катары изделип жаткан.

Анын айтымында, Абилазизов кечээ, 24-февралда Бишкекте кармалды.

Министр, Г.Абилазизовдун кармалышы боюнча кенен маалыматты, жакында ИИМ атайын маалымат жыйын өткөрөрүнө шилтеме берүү менен айткан жок.

«Азыр кармалган адам суракта. Бардык тергөө иштери жүрүп жатат», – деди ал.

АКИpress’тин Абилазизов ким катары кармалды деген суроосуна, М.Турганбаев, аны шектелүүчү катары кармашканын билдирди. «Бүгүнкү күндө айрым маалыматтар бар, бирок аны тергөөнүн жашырындуулугуна байланыштуу азыр айта албайм», – деди министр М.Турганбаев.

Гүлжигит Абилазизов, укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, Анапияевдин жакын жөкөрү болгон, жан сакчынын милдетин аткарган. Акыркы убактарда Анапияев менен чогуу жүргөн.

Абилазизов Фейсбуктагы өзүнүн баракчасында Борбор Азиядагы Америка университетинде окуганын көрсөткөн.

Cүрөттөр Фейсбук баракчасынан алынды:

19c272552b4df1dfb0431435e36fe815_0_500_0

7eec17eac2ef25cd24063db92871c5e3_0_500_0

e7f509a7b82a83da34f640366ea28ee7_0_500_0 Булак : Баракелде