Бишкек шаарындагы Ж.Пудовкин менен Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан сүт азыктарын сатуучу темир күркөөдөн өрт чыгып, анын ичиндеги бир нече буюмдар күйүп кетти.

Бүгүн, 27-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 8 чарчы метр сүт азыктарын сатуучу темир күркөөнүн (павильон) эшиги, терезеси, жылууланган дубалы, 5 даана муздаткыч, көргөзмө текчелери жана сүт азыктары күйүп кетти.

Өрт кырсыгынын себеби электр жабдууларын куроо эрежелеринин бузулушу менен байланыштуу болгон. Күркөөнү ижарага алган И.В.Волошко иштетип жаткан.