26-октябрда “Дордой”-“Алга” беттешинде 2 гол киргизген “Дордойдун” чабуулчусу Калумулла голдорунун санын 18ге жеткирди. Бул көрсөткүч менен ал бомбардирлер тизмесинде жакынкы атаандашынан 6 голго алдыга суурулуп чыкты. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол Лигасынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, бомбардирлер тизмесинде экинчи орунда Ош шаарынан “Алай” командасынын чабуулчусу Алмазбек Мирзалиев келүүдө (12 гол). Андан тышкары алдыңкы бештикте “Алайдын” дагы бир оюнчусу Владимир Верёвкин (10 гол) жана “Абдыш-Атанын” оюнчулары Иван Филатов (10 гол) менен Чолпон Эсенкул уулу (9 гол) бар.

Булак: super.kg