өрт1
 Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча кечээ, 18-февралдан бүгүн саат 08:30га чейин республиканын аймагында 9 өрт кырсыктары катталып, аларды өчүрүүгө 10 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылды, деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы

Бишкек шаарынын Кантемиров көчөсү-178 дарегинде мамлекеттик № Е 87-34 В «Джип-Дади» автоунаасы толугу менен күйүп кетти.

Ээси А.Саливанов аттуу жарандын унаасы электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушунан өрттөнгөнү аныкталды.

Ошондой эле, Токмок көчөсү-99да «Бобровский» ЖЧКсынан өрт чыкты. Өрттүн кесепетинен аянты 47 чарчы метр жыгач устундуу шифер жабылган, жыгач кургатуучу камеранын чатыры, 10 куб жыгач устундар күп кетти.

Өрттүн чыгуу себеби электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушуна улам болгон.