Ж.Оторбаев КРда трансконтиненталдык авиахабды куруу тууралуу: Шашылыш жок, кеп биз баш тарта албаган инвестсунуштар тууралуу болуп жатат
Эгер аэропорттор жөнүндө айта турган болсок, анда алар бизде иш жөнүндө чечимди парламент кабыл алган стратегиялык объектердин катарына кирет. Бул тууралуу журналистерге бүгүн, 24-октябрда Бүгүн, 24-октябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында «Манас» эл аралык аэропорту» ААКтын базасында трансконтиненталдык авиахабды түзүү жана ишкананын инвестициялык өнүгүшү боюнча КР өкмөтүнүн биринчи, кеңейтилген инвестициялык угуусунда өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев маалымдады.

«Албетте өкмөт аларды колдоого алуу үчүн сунуштарды анализдеп жана тиешелүү идеяларды киргизет. Бирок бул жерде баары мыйзам боюнча болот. Бул биринчи кадам. Бирок биз бүгүн катышып 14 жаткан фирмалардан жана ишканалардан бир бөлүгү калат деп үмүт артабыз. Ишканалардын баары ар кандай пландуу. Алар бир нече субъекттерге бөлүнгөн. Бизде шашылыш жок. Бул жерде биз баш тарта албай турган сунуш жөнүндө сөз болуп жатат. Бизде «Манас» аэропорту гана эле эмес, базары «Манаска» караганда келечектүү «Ош» аэропорту да бар. Бизде аймактык аэропорттор – «Тамчы», «Каракол», Лейлектеги абдан келечектүү «Исфана», «Баткен» аэропорттору бар. Ал жакка жакын жерде ташууга мүмкүн болгон 10 млн адам жашайт. Бул өңүттөн алып караганда биз буга көңүл бурушубуз керек», – деди ал.

9 инвестишкана «Манас» эл аралык аэропорту» ААК базасында трансконтиненталдык авиахаб түзүү боюнча өзүлөрүнүн сунуштарын киргизишти. Аларга КРдагы саясий стабилдүүлүк керек.

Анын айтымында, инвесторлор КРда биринчи дал ушул планды коюп жатышат.

«Муну биз жылдан жылга камсыздап жатабыз. Биз коррупция менен күрөшүп мыйзамдарды жакшыртышыбыз керек. Качан бул элементтер бир нече жыл иштей баштаса, ошончолук көп инвесторлор келе башташат. Буга катар эле мен Бажы биримдигине кирүү боюнча кадамдарды белгилегим келет. Анда КРнын өндүрүшчүлөрү үчүн 170 млн керектөөчүлөрү бар базар ачылат. Азыр эле биз жандануу бар экендигин көрүп жатабыз. Биз инвессторлорду тартуудабыз жана тарта беребиз. Бул жумушчу орундар, бюджет, экономика, өлкөнүн өнүгүшү. КР 5 миллиондук рынок менен авиаташууларга анча кызык эмес. Ош, Исфана тууралуу айтып жатып — биз жүргүнчүлөрдү коңшу өлкөлөрдөн тартууну айтабыз. «Манас» аэропорту тууралуу айтып — биз авиахаб тууралуу айтабыз, башкача айтканда жүргүнчү бизге эле эмес, ал транзит менен дагы учат. Биринчи тажрыйба ийгиликтүү – бул Стамбул—Бишкек—Улан-Батор каттамы. Ичи толгон учак, эми азыр, эркиндиктин бешинчи тепкичи катары ушундай механизмдерди мындан ары да колдонууну айтып жатабыз», – деп кошумчалады премьер-министр.