Бишкек шаарынын аймагында акыркы сутка ичинде болгон жол транспорт кырсыктарынан 3 адам жаракат алды. Шаар аймагында 7 биологиялык жана 1 клиникалык өлүм катталды.

Бул тууралуу Бишкек шаардык тез жардам кызматы станциясы 31-октябрда АКИрress агенттигине билдирди.

Өз өмүрүнө кол салган 59 жаштагы эркек адам асынып калган абалда табылды.

Батирлердин биринде газ исине ууланган үй-бүлө мүчөлөрү – 44 жаштагы эркек адам, 45 жаштагы аял жана 11 жаштагы бала ооруканага жеткирилди.

Ошондой эле, бычактан жаракат алган 2 адамга жардам көрсөтүлдү. 18 жаштагы жигит белгисиз бирөөлөр тарабынан бычактан жаракат алса, 72 жаштагы эркек адамды аны менен чогуу жашаган аял жарадар кылган.