Дубай шаарындагы кыргызстандыктар үчүн «Курманжан Датка» тасмасы көрсөтүлдү
«Курманжан Датка» тасмасы Дубай (БАЭ) шаарында да эки ирет көрсөтүлдү. Тасманын координатору Чолпон Идирисова АКИpress агенттигине билдиргендей, ал жакта жашаган мекендештерибиз тарыхый тасмага 25-октябрда күбө болушту.
Тасманы көрсөтүүнү уюштуруу иштерин Кыргызстандын БАЭ Башкы консулу Кубан Өмүралиевдин колдоосу менен Жанара Мыйтанова аткарды.
Буга чейин «Курманжан Датка» тасмасы Казакстандын Алмата шаарында, Россиянын Оренбург шаарында өтүп жаткан VII Эл аралык «Чыгыш-Батыш. Классика жана Авангард» кинофестивалында көрсөтүлүп, Кытайдын Сиан шаарындагы эл аралык кинофестивалда «Көрүүчүлөрдүн купулуна толгон тасма» аталса, Нью-Йорктогу Евразия кинофестивалында «Мыкты тасма» жана «Мыкты сценарий» номинацияларын жеңип алды. Ошондой эле, 4-ноябрда «Курманжан Датка» тасмасын Лос-Анжелесте көрсөтүү пландалууда. Буга чейин маалымдалгандай, «Оскар-2015» сыйлыгына сунушталган чет элдик тасмалардын тизмеси жарыяланып, тасмалардын тизмесинде Кыргызстандан «Курманжан Датка» тасмасы көрсөтүлдү.
Leave a Reply