Бишкек шаардык прокуратурасы Эркиндик бульварындагы (Киев көчөсүнүн кечилишинде) букмекердик кантордун ишмердүүлүгүнүн мыйзамдуулугун текшерүү менен шаар курулушу жана архитектура жөнүндө мыйзамдын бузулушун аныктады.

Бул боюнча Мамэкотехинспекциянын Бишкек шаары боюнча Аймактык башкармалыгы мыйзам бузуу менен аткарылган иштерди тез арада калыбына келтирүү жөнүндө чечим чыгарды.

Аталган актынын алкагында Мамэкотехинспекция тарабынан мыйзамсыз курулган курулушту бузуу жолу менен аймакты мурунку абалына келтирүү жөнүндө доо арыз берилди жана соттун чечиминин негизинде аны (букмекердик кантор) колдонууга берүүгө тыюу салынды.

Бишкек шаардык прокуратура бөлүмүнүн башчысы З.Акназаров АКИpress агенттигине билдиргендей, учурда соттун чечими аткаруу баскычында турат.

6789.700