Адилет министри Алмамбет Шыкмаматов: “Укук – бул жашоо эрежеси”
Адилет министри Алмамбет Шыкмаматов менен жалпы мамлекеттеги укук маселелери, “Кумтөрдү” улутташтыруудагы юридикалык мыйзам-ченемдер, биометрикалык маалыматтардын оң жактары жана ошондой эле министрлик тарабынан бейөкмөт уюмдарды чет элдик тыңчы катары таануу тууралуу мыйзам долбоорунун негизсиз деп кайтарылышы ж.б. суроолордун тегерегинде кеңири маек курдук.
– Алмамбет мырза, жакында “Ачык Өкмөт” программасынын алкагында “Министр байланышта” акциясын жыйынтыктадыңыз. Бул тармак боюнча калкты кызыктырган суроолордун басымдуусу кандай темада экен?
– Калкты негизинен укук жана адвокатура тууралуу маселелер кызыктырат. Суроолордун басымдуу бөлүгү да ушул эки теманын тегерегинде болду. Быйыл аткарылган эң орчундуу эки ишке кеңири токтолоюн.
Биринчиси, адвокаттар институту. Буга чейин бизде адвокатура СССР убагындагы кабыл алынган мыйзамдар менен 1991-жылга чейин иштеген. Андан кийин башка мыйзам кабыл алынган. Үстүбүздөгү жылы КР адвокатурасы жөнүндө жаңы мыйзам кабыл алынды. Бул мыйзамдын максаты адвокаттык ишмердүүлүктү, адвокаттык институтту Баш мыйзамда белгиленгендей жарандык коомдун күчтүү институту катары калыптандырууга багыт алган. Бул мыйзам эл аралык стандарттарга жооп берет. Мыйзамдын мүдөөсү – биздеги адвокаттардын аброюн көтөрүү, аларга болгон коомдогу ишеничти жаратуу. Анткени, биздин коомдо адвокаттардын ролу көп деле бааланбайт, аларга болгон элдин сый-урматы, ишеничи да төмөн. Анткени, алардын өнүгүп-өсүү, калыптануусуна мыйзамдар аркылуу процедуралар каралган эмес. Алсак, өнүккөн өлкөлөрдө ар бир үй-бүлөдө бирден адвокат бар. Мамлекет менен кандайдыр бир пикир келишпестик болгондо, мамлекеттик органдарга адвокаттары менен барып, маселени мыйзамдуу жол менен гана бүтүрүшөт. Алар адвокаттарына ишенип, “биздин адвокат биздин укугубузду коргойт” дешет. Демек, адвокатура күчтүү өнүккөн коомдо жарандардын укугу толук кандуу сакталат. Мамлекеттик органдар дагы адам укугун коргоого мажбур болушат. Жаран укугун билбесе да, адвокаттар билет, алар бизди бурчка такап, ачык-айкындуулук кылат деп сестенип турат. Эгерде, коом ачык, таза болсун, коомдо мыйзам үстөмдүк кылсын, бардык жарандардын укугу корголсун десек, биз адвокаттарды тийиштүү деңгээлге чыгарып, алардын макамын көтөрүшүбүз керек.
– Кантип?
– Ушул кезге чейин адвокаттарды мамлекет тескеп келген. Жаңы кабыл алынган мыйзамда адвокаттар биригип, өзүн-өзү башкаруу органына айланышты. Биринчи съездин өткөрүштү. Демократиялык жол менен жабык добуш берүүнүн жыйынтыгында абройлуу адвокаттардан түзүлгөн башкаруу органын түзүштү. Этикасын карай турган этика комиссиясын, адвокаттардын уставын, кодексин кабыл алышты. Адвокаттар институту ушинтип калыптанат. Канча бир убакыт өткөндө өзүн-өзү тазалап, аброю үчүн өзү күрөшүп, өзүн-өзү башкарган органга айлана баштайт. Мамлекеттин көзүн карап отура берген болбой тургандыгын тарых далилдеп берди.
Дагы эле өнүккөн мамлекеттерди алсак, аларда адвокаттык кесип эң бир обройлуу кесиптердин бири. Адвокат болуу – эң чоң даража. А бизде тескерисинче. Адвокаттарыбыз бааланбайт. Ошондуктан, адвокаттарыбыздын макамын көтөрүү үчүн бул мыйзамдын акыр-аягына чейин иштешүүгө болгон аракетимди жумшап, кызыкдар болуп жатам. Бул мамлекет үчүн да, коом үчүн да өтө приоритеттүү маселе деп ойлойм. Бизде адвокаттар институту өнүгүп, эң чоң кесипке айланып, эл адвокаттарга ишеним артып калганда, ошондо биз жакшы жетишкендикке жетишебиз деп айтаар элем.
– Ал эми мамлекеттеги укук маселелери боюнча кандай көз караштасыз?
– Туура, азыр биз укуктук тармакта көп реформаларды айтып жатабыз. Реформа сотторду жетиштүү айлык акы менен, инвентарлар менен камсыздоо, сотторго ылайыктуу шарттарды түзүп коюу менен гана чектелбейт. Жалпы укуктук реформа жүргүзүш үчүн бүтүндөй иш-чараны камтыш керек. Ошонун ичинде сотторду окутуу, айлык маянасынын өлчөмүн көтөрүү, аларды көз карандысыз кылуу, чечим чыгаруусу үчүн коомдогу бир нече мамилени жөнгө салган мыйзамдарды кабыл алыш керек. Башкача айтканда, мыйзамдардын бири-бирине каршы келишин жоюу керек. Ошол эле маалда эң негизги маселе катары жалпы коомдун укуктук маданияты жогору болушу шарт. Бул деген эмне? Бизде кээде жарандар өздөрү дагы мыйзамды тоготпостон, кайдыгер мамиле кылган учурлар болуп келет. Акыйкаттык үчүн айтып кетиш керек. Коомдун укуктук маданиятын талап кылгандан мурун мамлекетти башкарган, коомдун элитасын түзгөн, мамлекеттин башкаруу системасын мойнуна алган саясий топтун укуктук маданиятын талап кылышыбыз абзел. Анткени, коом аларды көрүп оңолот.
Постсоветтик мамлекеттер ар дайым идеология менен жашап, укукка көп маани берилбей келет. Эмне үчүн өнүккөн мамлекеттерди эле айтып жатам. “Жакшыга жанаш, жамандан адаш” дегендей, алдыга озуп чыккан мамлекеттин басып өткөн жолдорун карашыбыз керек. Алар укукту жогору коюшкан. Укук институттарын күчкө толтуруп, укук эрежелери менен жашайбыз деп, баарын аныктап алып, анан башка тармактарды жолго салган. Муну тарых, адамзат жашаган жер далилдеген. Укук – бул жашоо эрежеси. Укук болгонго чейин эл салт менен жашап келген. Салтты бузган киши коомдон чыкчу. Демек, укукту салтты сыйлагандай сыйлоого тийишпиз.
– “Кумтөрдү” улутташтыруу маселеси кабыргасынан коюлуп жатат. Мунун юридикалык жактары кандай, дегеле, улутташтыруу маселеси БУУнун ченемдеринде кандай каралган?
– “Центерра” Канадада катталган жеке ишкана. Бул ишкана менен келишим түзүлгөндө адилетсиздикке жол берилген. Убагында легендарлуу парламент дал ушул маселенин айынан тараган. Башында “Центеррага” 33% акция берилип, бизде 67%ы болчу. Ошондо аларга 33% көптүк кылат, 20% жетет эле дешкен. Эми болсо өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып, 2003-2004-жылы 33% эмес, тескерисинче, 67%ды алар алып алышты. Биздин чыркыраганыбыз ушунда. 2009-жылы кийин реструктуризация болбосун, эл кайра көтөрүлбөсүн деп ошол келишимди Максим Бакиев аркылуу кайра дагы бекитишкен. Ошондо керээли-кечке теле аркылуу “тарыхый туура чечим болду, эми “Центерра” Кыргызстандын кызыкчылыгына иштейт” деп уялбай эле элди алдап чыгышкан. Кийинки комиссия аны далилдебедиби. Азыр дагы чырдын баары ошонун тегерегинде болуп жатат. Азыр биз акыйкат чечимге келишибиз керек, же тобокелчиликке барууга мажбур болобуз. Расмий түрдө белгиленген факты боюнча, казыла элек дагы 1100 тонна алтыныбыз бар. Аны дагы кеминде 30 жылдай казабыз. Эми ошол калганын акыйкат жол менен бөлүштүрүлүшү керектигин талап кылып жатабыз. Бул – элдин ырыскысы. Эл аралык сотко беребиз десе эле, чегинип, талашпай туруп, багынып беребизби?
Ал эми улутташтыруу маселеси – ар бир мамлекеттин суверендүү укугу. БУУнун норма-ченемдеринде да ушундай каралган. Улутташтыруу мамлекеттин өз эрки делет. Болгону анда улутташтырган тарап компенсация төлөп бериши керек. Бирок, биздин да аларга айта турган дооматтарыбыз бар. Экологиябызды талкалашты. Мөңгүлөр, суулар боюнча дүйнөдө кандай согуштар болуп жатат. Алар биздин мөңгүнү талкалап жатса, доомат артпайбызбы?
– Эл аралык сот демекчи, азыр эл аралык сотто Кыргызстандын үстүнөн 8 маселе боюнча иш каралып жатат…
– Эл аралык сотто каралып жаткан 8 маселенин баары Максим Бакиев менен Е.Гуревичтин шылуундугунун кесепети. “Мегаком, “Жерүй” сыяктуу миллиондогон эл ырыскысын мамлекеттин капчыгына бербей туруп, өз чөнтөктөрүнө салып, лицензия берген. Мамлекет аларды улутташтырып, алып койду. Башка аргабыз барбы? Бул жолу да “ала гой, казып, ташып кете гой” деп, байлыгыбызды берип коюшубуз керек же, чыркырап, чындык издеп, эл аралык сотко барсак да, өз ырыскыбызды ажыратып алуубуз керек. Ушул эки гана жол бар бизде.
– Учурда республиканын бардык аймактарында жарандардан биометрикалык маалыматтар чогултулуп жатат. Бирок, коомчулукту биометрикалык маалыматтар кандай учурларда колдонулаары, маалыматтар канча убакка чейин жана кандай шартта сакталаары, ал жарандын өзүнө каршы колдонулбайбы деген маселелер кооптондуруп жатат…
– “Кой аксагы менен миң” дегендей, кандай маселеде болбосун, ар дайым бирөө кыйкырып каршы чыгат. Ачык коомдо, демократия заманында бул кадыресе көрүнүш. Ар бир адамдын жарандык укугу бар. Бирок, бүт дүйнө жүзү биометрикага өттү. Бул – заманбап технология. Элдин түшүнүгү боюнча биз азыр мобилдик телефондон баш тартып, почта, телеграф менен кабарлашып жашайлы дегендей эле кеп. Почта аркылуу кат алышуу менен азыркы телефон аркылуу 5 мүнөттө маселе чечүүнү салыштырып болобу? Биометрика деген адамдардын эшик сүзгүлөп, майда-барат кагаздарды чогултууларын жокко чыгарат. Адам жөнүндө бардык маалыматтар буга чейин паспорт бөлүмдөрүндө жазуу түрүндө сакталып келсе, мындан ары электрондук түрдө чипте гана сакталат. Экинчиден, бул – таза шайлоо кепили. Бизге азыр өнүгүүгө таза шайлоо жетпей жатат. Таза шайлоо өткөрүш үчүн биометрика сөзсүз керек. Ал эми маалыматтар адамдын өзүнө каршы колдонулат деп кам санабай эле коюшса болот. Адамдын купуя сыры базада сакталат. Ага тийиштүү органдар жооп берет.
– Персоналдуу биометрикалык маалыматтар Баш мыйзам менен корголот деп айтып чыктыңыз…
– Ар бир адамдын купуя сыры ал адамдын уруксатысыз эч кимге берилбейт. Купуя сыр Баш мыйзамда жазылган. Аны мамлекет коргойт.
– Адилет министрлиги тарабынан бейөкмөт уюмдарды чет өлкөлүк тыңчы катары таануу тууралуу мыйзам долбоору негизсиз деп кайтарылды. Эмнеден улам мындай чечим кабыл алдыңыздар?
– Бейөкмөт уюмдардын дээрлик 90%ы мамлекеттин өнөктөштөрү. Коомдогу демократиянын калыптанышына жана өнүгүшүнө бейөкмөт уюмдардын кошкон салымы чоң. Бирок, булардын ичинен 10%ы бейөкмөт уюм деген институттарга жамынып алып, Конституциялык түзүлүштү солгундатууга, же улуттук кызыкчылыкка туура келбеген иш-кадамдарды жасоого аракет кылышат. Канткен учурда да битке өчөшүп, көйнөгүбүздү отко салышыбыз керек эмес. Бейөкмөт уюмдардын ачык-айкындуулугун башка бир мыйзамдар менен жөнгө салууга болот.
Динар ТУРДУГУЛОВА


Leave a Reply