Ld_oc8m50DU

Күнүмдүк турмушта даана билинбегени менен мамлекетибиз туруктуу өнүгүү жолунда баратканы цифралар менен тастыкталууда.

 

Мисалга алсак, 2014-жылдын январь-сентябрынын жыйынтыгы боюнча ИДПнын көлөмү акчалай көрсөткүчтө 266 млрд. 614,4 млн. сомду түздү. Орто эсеп менен алганда 2 жылдын ичинде ИДПнын өсүшү 6,8%ды түздү.

2013-жылы экономиканын өсүшү негизинен кайра иштетүү өнөр жайында, курулушта жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө; 2014-жылы кайра иштетүү өнөр жайында, курулушта жана соода-сатыкта кошумча нарктын көбөйүшү менен камсыз кылынды.

2009-2014-жылдардагы гранттарды эске алуу менен республикалык бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү 2014-жылдын жыйынтыгы боюнча күтүлүүчү кирешелердин түшүүсүн эске алуу менен 2,1 эсеге өстү.

2014-жылдын 9 айы ичинде бюджеттин киреше бөлүгүнө түшүүлөр 82,7 млрд. сомду түздү. Жалпы кирешелер 2009-жылдагы 48,0 млрд. сомдон 2014-жылы 100,0 млрд. сомго чейин же 52,0 млрд. ашык сомго өсөт.

2009-2014-ЖЫЛДАРДА РЕСПУБЛИКАЛЫК БЮДЖЕТТИН КИРЕШЕЛЕРИ

Салыктык кирешелер боюнча да – 2009-жылы 30,3 млрд. сомдон 2014-жылга 70,0 млрд. сомго чейин, ошондой эле салыктык эмес төлөмдөр боюнча да – 2009-жылы 7,5 млрд. сомдон 2014-жылга 20,7 млрд. сомго чейин туруктуу өсүш байкалууда.

кирешелер

2009-2014-ЖЫЛДАРДА САЛЫКТЫК ЖАНА САЛЫКТЫК ЭМЕС КИРЕШЕЛЕР

кирешелер эмес

Бажы кызматы тарабынан камсыз кылынуучу кирешелердин көлөмү да кыйла өсүштү – 2009-жылы 14,2 млрд. сомдон 2014-жылга 41,0 млрд. сомго чейин же 2,8 эсеге жогорулоону көрсөтүп турат. Каралып жаткан мезгилдин ичинде ушул кирешелер боюнча сандык көрсөткүчтөр 26,8 млрд. сомго көбөйөт.

2009-2014-ЖЫЛДАРДА МАМЛЕКЕТТИК БАЖЫ КЫЗМАТЫНЫН (МБК) БАЖЫ ЖЫЙЫМДАРЫ

киреш

ИНВЕСТИЦИЯ ТАРТУУ

Инвестицияларды тартуу экономиканын артыкчылыктуу тармактарын өнүктүрүү үчүн зарыл шарттардын бири болуп саналат. Кыргыз Республикасында жагымдуу инвестициялык климатты түзүү үчүн валюталык жөнгө салуу маселелеринде жетиштүү түрдө либералдык мыйзамдар түзүлдү. Инвесторлорго инвестицияларды коргоого жана туруктуу укуктук режимди колдонууга укук берилди, лицензиялоо системасын жөнөкөйлөтүү боюнча чаралар киргизилди, пайдага жана кирешеге салыктар азайтылды.

Ушул жылы инвестициялык климатты жана бизнес-чөйрөнү жакшыртуу боюнча иштер улантылды. Дүйнөлүк банктын 2014-жылга “Бизнес жүргүзүү” отчётунун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасы Түркия жана Кытай сыяктуу өлкөлөрдөн озуп, өзүнүн позициясын 2 пунктка, 70-орундан 68-орунга жакшыртты. Дүйнөлүк экономикалык форумдун жыл сайын түзүлүүчү Глобалдуу атаандаштыкка жөндөмдүүлүк индекси боюнча Кыргыз Республикасы 127ден 121ге жетип, 6 позицияга көтөрүлдү.

Өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн кабыл алынган стратегиясынын алкагында 2013-жылдын январынан 2014-жылдын августуна чейинки мезгилде жалпы суммасы $ 11 617,9 млрд. болгон 77 улуттук долбоордун ичинен $ 288 млн. суммасына 11 долбоор ишке ашырылды.

Аталган 11 долбоордун ичинен агроөнөр жай комплексинде 6 долбоор, энергетикалык сектордо 2 долбоор, транспорт жана коммуникация чөйрөсүндө 3 долбоор ишке ашырылды.

Ошону менен катар, жалпы суммасы 7 100,3 млрд. АКШ долларына 24 улуттук долбоорду ишке ашыруу улантылууда. Жалпы суммасы 2 529,7 млн. АКШ доллары болгон 23 долбоорду ишке ашыруу үчүн даярдоо иштери жүрүп жатат.

Кабыл алынган Стратегияны ишке ашыруу алкагында макулдашууларга кол коюлду жана болжол менен 5 млрд. АКШ доллары суммасына инвестициялар тартылды (Куралдуу Күчтөрдү реформалоону эске алуу менен).

Бул каражаттар төмөнкүлөргө жумшалат:

 

Максаты АКШ доллары менен
“Кыргызстан-Кытай” газ түтүгүн куруу 1 млрд.400 млн.
Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу 727 млн.
Түндүк-Түштүк альтернативдүү автожолун куруу 400 млн.
Бишкек шаарынын ТЭЦин реконструкциялоо 386 млн.
ВЛ 500 кВ “Датка-Кемин” жана ПС 500 кВ “Кемин” куруу 389 млн. 795 миң
ПС 500 кВ “Датка” жана ВЛ 220 кВ куруу 208 млн.
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн

реформалоо

Болжол менен 1,5 млрд.

Бир эле убакта Кыргызстандын карызын азайтуу боюнча жигердүү иштер жүрүүдө. Карыздарды кечүү жөнүндө келишимдерге жетиштик, анын ичинде:

Негизги карыз боюнча 488,9 млн. АКШ доллары жана 2049-жылга чейин төлөнүүгө тийиш болгон пайыздар боюнча 110,1 млн. АКШ доллары жалпы суммасындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын Россия Федерациясынын этап-этабы менен кечиши. Бул тышкы карызды төлөөгө каражаттардын бир бөлүгүн бошотууга жана аларды КР мамлекеттик бюджетинин башка маанилүү чыгымдалуучу статьясына багыттоого мүмкүндүк берет.

Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасынын алдындагы 49,2 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү тышкы карызын кечүү жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашууга кол коюлушу.

Карыз милдеттенмелерин конверсиялоонун алкагында KfW менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы карыз 8,5 млн. евро суммасына милдеттенмелерин алмаштыруу жөнүндө келишим.

 

Карыздардын аталышы АКШ доллары менен
Россия Федерациясынын алдындагы тышкы карыздын кечирилиши 488 млн. 900 миң
Түркия Республикасынын алдындагы тышкы карыздын кечирилиши 49 млн.200 миң
Германия Федеративдүү Республикасынын алдындагы тышкы карыздын кечирилиши 11 млн. 700 миң
БАРДЫГЫ

$ 110,1 млн. суммасында 2049-жылга чейин төлөнүүгө тийиш болгон пайыздарды эске алуу менен

бардык кечирилгени:

 

549 млн. 800 миң

 

$ 659 млн. 900 миң

(Уландысы кийинки санда)