23

Борбор Азиядагы эң чоң базарлардын бири Кыргызстанда. Ал жеке ишкерлердин гана кызыкчылыгы үчүн иштебестен, мамлекетке да зор пайда алып келүүдө. Борбордук комитеттин соода ишкерлеринин профсоюзунун төрайымы Дамира Дөлөталиева бизнес чөйрөсүнүн “ашканасын” жакшы билет. Өз ишин мыкты аткарган айым менен соода тармагындагы ишкерлердин укугун коргоо, профсоюздун ишмердүүлүгү  туурасында маек курдук.

– Дамира айым, Борбор Азиядагы эң ири базарлардын бири болгон “Дордой” базарынын өкүлү катары, жеке ишкерлердин укугун, кызыкчылыктарын коргоп келесиз. Ишмердүүлүгүңүз тууралуу айта кетесизби?

– СССР тараган маал жалгыз Кыргызстан эле эмес, жалпы постсоветтик өлкөлөр үчүн оор мезгил болгон. Бул убакта ар бир адам жакшы жашоонун ыгын табуу менен убара болушту. Элдин агымы соода жакка бурулуп, мен да өзүмдү соода тармагынан көргүм келди. Жалгыз “Дордой” базары эмес, “Кара-Суу” ж.б. базарлар мамлекеттеги эң ири жумуш камсыздоочу булактардан. Мындан жалгыз Кыргызстан товар менен камсыз болбостон, кошуна мамлекеттерден келгендер да дүң жана чекене түрүндө соода жүргүзүшөт. Мисалы, “Дордойдун” өзүндө эле кеминде 70 миңдей адам иштейт. Алардын бардыгы соода менен эле алектенбестен, тамак-аш, тейлөө, коопсуздук, соода түйүндөрү, тазалык, жүк ташууну камсыздоо кызматтарында эмгектенишет. Демек, көпчүлүк иштеген жерде күнүгө ар кандай көйгөйлөр жаралышы мүмкүн. Көйгөйүнө жараша жардамга муктаж. Адамдарга адилеттик ишеничин тартуулоо менен профсоюздун күчүн жана баркын көрсөткүбүз келет. Соода жана бизнес тармагындагы ишкерлер үчүн кандай шарттар түзүлүп жатат, алардын укуктары сакталуудабы деген суроолор профсоюзду дайым кызыктырат. Профсоюз менен соода кызматкерлер арасында тыгыз ишмердүүлүктүн болушу социалдык, экономикалык, эмгек укугунун сакталышында абдан маанилүү.

– Профсоюз мүчөлөрүн кызыктыруучу иш-чаралар өтүп турабы?

– Азыркы учурда биздин профсоюзга 15000 адам мүчө. Билимди жана тажрыйбаны жогорулатуу максатында тегерек стол, семинар, тренингдерди тез-тез өткөрүп турабыз. Мындан тышкары, биздин профсоюз кайрымдуулук иштери менен да алектенет. Балдар жана карылар үйлөрүнө жардам көрсөтөбүз. Мындай аракеттерибиз жаңы мүчөлөрдүн кошулушуна алып келет. Жыл сайын борбордук профсоюздук комитет профуюмдар арасында спорттун футбол, волейбол, стол тенниси, шахмат жана армрестлинг түрлөрү боюнча спартакиада өткөрүп турат.

Өкмөт менен байланышыңыздар кандай?

– Кытайдан жүк ташуучу транспорттордун айдоочулары арасында талаш чыкканда бир-эки өкмөт өкүлдөрү менен барып, көйгөйлөрдү чечип келгенбиз. Дордойдо касса аппаратын орнотуу демилгесине макулдугубузду берген жокпуз. Салык салуу тармагында пайыздарын азайттык. Экинчи кабаттагы контейнерлердин салык төлөмдөрү алынып, патент төлөмдөрүнүн оптималдуу түрүн көрсөттүк. Патент, ижара, салык төлөмдөрүн албаганда эле, бажы каттамдарынан өлкөнүн бюджетине 4 млрд. сом акча каражаты түшөт. Соцфондго ай сайын 5 миллион сомдун тегерегинде которулат.

Өкмөт, Жогорку Кеңеш менен биргеликте иштөөнүн натыйжасында Кыргызстанда талапка ылайык мыйзамдар аткарылып, укук коргоо жана бажы тармагында иштеген кээ бир ишкерлердин айыбы ачылып отурат. Бийлик өкүлдөрү профсоюз менен биргеликте көргөн чаралар көптөгөн соодагерлердин көйгөйлөрүн чечүү жолдорун таап, рынокту сактап калууга өбөлгө түзүүдө. Мындай кызматташтыктын эң маанилүүсү профсоюз, мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийликтери менен болгон алакасы социалдык жардыруу жараткан көйгөйлөрүн чечүү жана соодагерлердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого жардам берет.

– Бажы биримдигине кирүүнү кандай кабыл алып жатасыздар?

– Чынын айтыш керек, биз башында Бажы биримдигине толук каршы чыкканбыз. Бирок, бул биримдикке мүчө болгон өлкөлөрдүн чек аралары жабылгандан тарта биз үчүн оор болду. 2014-жылдын жарымына чейин соода болгон жок. Биз башында муну убактылуу деп ойлогонбуз. Декабрдын ортосунан баштап Кыргызстан жаңы жылга даярданат эмеспи, январдагы каникулда мурун деле соода болчу эмес. Кийинки айда Кытайда Жаңы жыл. Баары марттын келишин күтүп, мына соода болот деп турсак, ал да болбоду. Казак, орус мамлекеттери бизден соода кылууну токтоткондо эл дүрбөп чыкты. Мына ушулардан улам Бажы биримдигине кирүүнү толугу менен колдойбуз. Кыргызстанда жеңил өнөр жайы ыкчам өнүгүүдө, тигилген продукциянын 90%ы Дордойдо сатылат. Эгер чек ара жабык болсо, тигүү өндүрүшүндө эмгектенген 155 000 адамдын тагдыры эмне болот? Чек аралар ачылса, бизге Орусия, Казакстандан сатып алуучулар келе баштайт. Биздин ишкерлерге кооз сөздүн кереги жок. Бажы биримдигине кирген мамлекеттер арасындагы кардарлар менен биздин товарлар ортосундагы тосмо алынышы керек.

 Бактыгүл КУЛАТАЕВА