Эл өкүлдөрү дыйкандардын жеңилдетилген насыя, жер семирткичтер, каналдарды оңдоп-түзөө иштери боюнча көйгөйлөрүн Өкмөткө багытташты
Бүгүн, 22-январда Жогорку Кеңештин “Ар түрдүү маселелер” саатында депутаттар дыйкандардын жеңилдетилген насыя, жер семирткичтер менен камсыздоо, каналдарды оңдоп-түзөө иштери боюнча көйгөйлөрүн алдын алуу менен Өкмөттүн эсине салды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.
Жазды утурлай дыйкандардын көйгөйүн көтөргөн депутат Роза Акназарова быйыл дыйкандарга жеңилдетилген насыялар берилеби-жокпу, берилсе канча пайыз, мөөнөтү, банкы кандай болоорун Өкмөттөн сурады. Ошону менен катар тиешелүү аткаруу бийлиги кайсы айыл чарба өсүмдүктөрүн кайсы чөлкөмгө айдаса натыйжалуу болоорун болжолдоп, багыт берүү зарылдыгын сунуштады. “Класстердик түзүмдөр менен айыл чарбасын натыйжалуу иштетсе болот”,- дейт ал.
Ошондой эле депутат Уланбек Нуркулов Сузак районундагы Курманбек каналы оңдолуп-түзөлсө, 9 миң гектардай жерди суу басат эле деп, буга чейин аны калыбына келтирүү боюнча маселе Өкмөт өкүлдөрү тарабынан айтылганын дагы бир жолу эске салды.
Канал куруу менен суу баскан жерлердин көлөмүн арбытуу боюнча депутат Майрамгүл Тиленчиева да маселе көтөрүп, ага Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Жаман-Даван каналын мисалга тартты.
Курулган каналдардын сапатына, тагыраак айтканда, ишке берилип, 3-4 айдан кийин капталдары урап баштаган Аксы районундагы Иринжит каналына депутат Кантемир Мурзабеков токтолуп, ири каражат кеткен бул каналды кайсы компания кургандыгына кызыкты.
“Минералдык жер семирткич чыгара турган завод куруу маселеси жылда айтылат, жылда жок” деген депутат Абдулатип Режевалиев жер семиркич менен камсыздоо маселеси өткөн жылдагыдай тажрыйбаланабы деген соболду Өкмөткө багыттады.


Комментарий кошуу