22-январда Жалал-Абад шаарында жаңы курулган милиция бөлүмүнүн ачылуу аземи болуп өттү
Бүгүн, 22-январь Жалал-Абад шаарында жаңы курулган милиция бөлүмүн ачуу менен, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Бириккен улуттар уюмунун Баңги зат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы (БУУ БКБ) жана Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтү кылмыштуулуктун алдын алуу жана коомдук коопсуздукту чыңдоого багытталган эки жылдык долбоордун жыйынтыгын чыгарышты. Баасы 4,7 миллионго барабар курулуш иштери, АКШнын Мамлекеттик департаментинин Баңги заттар менен күрөшүү жана тартип сактоо ишмердиги боюнча эл аралык бюросунун колдоосу менен, БУУ БКБнын Кылмыш жазалоо акыйкаттыгы программасынын алкагында ишке ашырылды.
Ачылышка шаар жана облус деңгээлиндеги мамлекеттик органдардын жана эл аралык коомчулуктун өкүлдөрү, милиция кызматкерлери жана тургундары катышты.
Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Мелис Турганбаев: “Милициянын жакшы иштеши жана жашоого коопсуз чөйрөнүн камсыз кылынышы биздин жергиликтүү коомдор үчүн эң маанилүү,”- деп белгиледи. Ошондой эле “Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтү бул сыяктуу долбоорлорду укук коргоо органдарынын потенциалын чыңдоо жана ал аркылуу мамлекеттин коопсуздук институттарына болгон ишенимди арттыруу максатында каржылайт,”- деп белгиледи АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчисинин милдетин аткаруучу Лаура Грисмер айым.
Шаар мэри С.Авазов: “Мындай имараттын салынышы эл менен укук коргоо органдарынын ортосундагы жакындыкты күчөтүп, тыгыз байланышта иштөөсүнө шарт түзөт. Жаңы имарат элибиздин жакшылыгына кызмат кылсын деген тилек менен, имаратты курууга катышкан бардык өкүлдөргө ыраазычылык билдирем”,- деп айтып өттү.
Мейманбү АКЖОЛОВА, Жалал-Абад облусу




Комментарий кошуу