Мурунку саламаттыкты сактоо министри Динара Сагимбаева Улуттук госпиталдын башкы дарыгери болуп дайындалды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Сагимбаева бүгүн госпиталдын жамаатына тааныштырылды.

Эске салсак, Д.Сагимбаева 24-сентябрда өз арызы менен кызматтан бошогон.

Булак: “Азаттык” радиосу