Бүгүн, 24-ноябрда премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин төрагалыгы астында КР өкмөтүнүн жыйыны өтүүдө.

Күн тартибине: КРнын Бажы биримдикке жана Бирдиктүү экономикалык аймакка кошулуусуна байланыштуу КРнын нормативдик-укуктук актылар долбоору жөнүндө; Жеткиликтүү турак-жай жана турак-жайды ипотекалык насыялоону өнүктүрүү программасынын долбоору жөнүндө; Улуу Ата Мекендик согуштагы (1941-1945-жж) Жеңиштин 70 жылдыгына арналган иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө маселелер коюлган.

Алгачкы маселени талкуулоо үчүн КРнын экономика министринин орун басары Данил Ибраевге сөз берилди.

Өз кезегинде Д.Ибраев белгилегендей, КР ББ жана БЭА кошулуусунун жол картасы боюнча эки баскычта каралуучу 59 нормативдик-укуктук актылар долбоору каралууда.

«Биринчи баскыч боюнча 19 мыйзам долбоору каралган, анын 16сы – Жогорку Кеңешке киргизилип, 2си — токтотулган. Учурда Өкмөттүн 18 токтомун киргизүү каралган, анын 8и кабыл алынып, 10у кабыл алуу алдында турат. Экинчи баскыч боюнча Өкмөттүн 12 мыйзам долбоору жана 10 чечими каралган. Бүгүнкү өкмөт жыйынынын кароосуна 8 мыйзам долбоору киргизилет», — деп маалымдады ал.

Ошондой эле белгиленгендей, киргизилген мыйзам долбоорлору Өкмөттүн расмий веб-сайтында коомдук талкуу процедурасынан өткөрүлгөн.

Анын айтымында, бардык мыйзам долбоорлору нормативдик-укуктук базаны Бажы биримдиги регламенти менен ылайык келтирүү иретинде киргизилүүдө.

Ж.Оторбаев билдиргендей, Өкмөт тараптан өлкөнүн интеграциялык биримдикке кошулуу алкагындагы милдеттенмелерин аткаруу боюнча чоң иштер жасалды.

«Нормативдик-укуктук базаны ылайык келтирүү боюнча бардык иш-чаралар үстүбүздөгү жылдын декабрь айына карата жыйынтыкталышы керек. Үстүбүздөгү жылдын 23-декабрында мамлекет башчылар деңгээлинде өтүүчү Жогорку экономикалык кеңештин кезектеги жыйынында биз Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык аймакка кошулуусу жөнүндө маселени кароону сунуштайбыз», — деди өкмөт башчы.

Талкуунун жыйынтыгы боюнча Өкмөттүн мүчөлөрү киргизилген мыйзам долбоорлорун бир добуштан колдоого алышты.

SAG_9442

SAG_9448

SAG_9462

SAG_9464

SAG_9471

SAG_9477

SAG_9550

SAG_9559

SAG_9585

SAG_9602

SAG_9611

SAG_9613

SAG_9619

SAG_9651

SAG_9644 Булак : Баракелде