Нурбашев

Экологиялык жана техникалык коопсуздук маселеси күнүмдүк турмушубуздагы орчундуу маселелердин бири экендиги анык. Бул багытта республикабызда эки жарым жыл мурда түзүлгөн уникалдуу жана универсалдуу инспекция иш алып барууда. Жалпы журтту кызыктырган айрым суроолорго жооп алуу максатында аталган мекеменин жетекчиси Нурбашев Таалайбек Инашевичти кепке тарттык.

– Таалайбек Инашевич, сиз жетектеген мекеменин иши азыр калайык-калкка абдан кызык. Мүмкүн болсо кененирээк айтып берсеңиз.

– Тоо-кен өнөр-жай, энергетика коопсуздугу, жерди коргоо, архитектура, курулуш сыяктуу жана башка сегиз багыт боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экотехникалык инспекция иш алып барат. Жакында эле суу-транспорт багыты да бизге кошулду. Көзөмөлдөөчү орган болгондон кийин биринчи категориядагы объектилерди карайбыз. Азыр тоо-кен өнөр жайы абдан актуалдуу. Анын ичинде “Кумтөр” бар. Түзүлгөнүбүзгө эки жарым жыл болду. Ошондон бери эле бул кен ишканасынын ишмердигин көзөмөлгө алып, текшерүүлөрдүн негизинде доо-айыптарды койдук. Баш-аягы 7 млрд. сомго жетти. Бул болжолдуу 150 млн. доллар болот экен. Бул зыяндарды өндүрүү үчүн бир жарым жылдан бери соттошуп жатабыз.

Төрт доо койгонбуз. Биринчиси, жер кыртышынын бузулушу, экинчиси, калдыктардын мөңгүгө жайгаштырылышы, үчүнчүсү, алар сууну бекер пайдаланып жатышат. Төртүнчүсү дообуз калдыктар боюнча. Айлана-чөйрөнү ар кандай калдыктар менен толтурушууда. Жогорку Сотко чейин бардык.

– Алар кандай позицияда болууда?

– Кыргызстандын мыйзамы боюнча каралышы керек деп абдан туура чечим чыгарды. Канадалык тарап 2009-жылдагы келишимге такап эле моюн сунбай келген. Азыр бул маселе боюнча кылмыш иши козголгон.

– “Кумтөр” боюнча көз карандысыз экологдор да өздөрүнүн жыйынтыктарын чыгарып жүрүштү эле. Алардыкы менен силердин көз караштар, эсептөөлөр дал келеби?

– Жок. Мисалы, “Жашылдар партиясы” деп коет, булар 400 млрд. сом доо коюп жатышат. Бирок, өзүбүздүн айлана-чөйрөнү коргоо жана экология боюнча методикабыз бар, ошол боюнча негиздеп жатабыз. Алыбызга жараша далилдеп беребиз деген ишеничибиз бар. Андан тышкары, мөңгү боюнча экологиялык зыяндар 5 млрд. доллар болот деген эксперттер да бар.  Айлана-чөйрөнү коргоо мекемеси 15 млрд. сом доо коюп жатышат. Кутманалиева деген көз карандысыз эксперт 400 млрд. сом дейт. Албетте, ар ким өзүнүн пикирин билдирүүгө акылуу, бирок алар өздөрүнүн доолорун негиздеши керек.

-Бул сыяктуу айтылган божомолдор инспекциянын аброюна залакасын тийгизбейби?

– Биз мыйзам чегинде иштеп жатабыз. Белгиленген баалардын, формулалардын, эрежелердин эсеби боюнча биздин адистер санап жатышат.

– “Кумтөрдөн” башка деле кен чыккан жерлер көп эмеспи, ошолордун иштерин текшерүү сиздерге тиешелүүбү?

– Ооба, мисалы Бозумчак кенин алсак, бул абдан жакшы объект, биз мамлекеттик кабылдоого алган соң иштей баштайт. Алардын айтуусу боюнча, төртүнчү кварталда ишке киришет. Биз тараптан айрым кемчиликтерин жойгула деген эскертүүлөр берилген. Бул абдан үлгүлүү салынган ишкана деп ойлойм. Эгер тоо-кен ишканалары ушундай эреже-тартип менен иштесе, абдан эле сонун болот. Кеминдеги “Алтын кен” ишканасына да 7 миллион сом доо койдук. Алар да биздин айтканыбызга макул болуп, төлөп жатышат.

– Кара-Балтадагы мунай иштетүүчү завод боюнча да  бир топ ызы-чуулар орун алды. Булар тууралуу эмне айта аласыз?

– Бул завод 2014-жылдын февраль айынан бери иштейт. Ар кандай жагымсыз жыт чыгып жатат деген дооматтар, элдин нааразылыгы айтылып келди. Өкмөттүн буйругу менен мекемелер аралык комиссия түзүлүп, абдан эле кылдат текшерүү болду. Биз 124 пункт боюнча өзүбүздүн дооматтарыбызды айттык.

Кытайлыктар жыт чыкпасын деп абдан аракет кылып жатышат. Бул жакта эки-үч булак бар. Алтымыш тонналык цистерналар, он алты тонналык машиналар менен келген чийки мунай тоңгон түрүндө болот экен. Аларды куюп алыш үчүн  буу менен эритүү зарыл. Буу менен урганда үстүңкү капкактардан жыт чыгат. Биз бууну үстүнөн бергиле деп айттык. Цистерналарды орусиялыктарга кайтарганда да таптаза кылып жууп кайтарыш керек экен. Жууганда баары бир жыт чыгат.

– Майлуу-Сууда калдык сактоочу жайлар бар. Айрымдар ошол жерлерге турак үйлөрдү, кафе куруп алган мисалдар бар экен. Аларды эмне үчүн көзөмөлдөөгө болбойт?

– Азыр таштанды  төгүлгөн жерлерге, көрүстөндөрдүн аймагына, айыл чарба жерлерине, газ куурлары жана жогорку чыңалуудагы электр линиялары өткөн же чөгүп кетүү коркунучу бар жерлерге үй куруп алган фактылар жетишээрлик. Инвентарлоо жүргүзүп көрсөк, Кыргызстан боюнча мыйзамсыз курулган 41 миң үй бар экен. Документтери жок. Кыргызстанда эч бир аймакка тиешеси жок анклавдар да бар. Мисалы, Чүй облусуна же Бишкекке карабаган Ак-Жар сыяктуу жаңы конуштарды айтсак болот.

Ушулардын баарына 2005 жана 2010-жылдардагы жер басып алуулардын кесепети себепкер болгон. Азыр биз Өкмөткө сунуштарыбызды бердик. Мындай турак жайлардын маселесин бир жагына чечиш керек. Нарында, Ош жана Жалал-Абад жактарда отуз-кырк жыл мурда салынган көптөгөн турак үйлөрдүн алигиче документтери жок. Мына алдыда шайлоо келе жатат. Мыйзамсыз үйлөрдө жашагандар шайлоого кантип катышат? Тезинен бир саясий чечим кабыл алуу зарыл.

Мыйзамдаштырыла турган болсо, мыйзамдаштырып, сиз айткандай таштанды төгүлгөн, жугуштуу оорулардын булагы көмүлгөн жерлердеги турак жайларды көчүрүш керек.

– Саясий эрк деген сиздин түшүнүгүңүздө кандай?

– Айрым мыйзамдык актыларыбызга өзгөртүү же толуктоо киргизип ылайыкташтырсак, бул сыяктуу баш оорутмаларды чечүү өзүнөн-өзү жеңилдейт. Мисалы, түрттүрүп салуу деген процедуранын баш-аягы жок. Биз көп учурда протокол толтуруп, айып пул сотко чейин иштерди өткөрөбүз. Бирок, көп учурда маселе чечилбей калат. Сот туура чечим чыгарып берсе деле, ким аны аткарат?!

– Ысык-Көлдүн айланасында суунун жээгине чейин кирип барып, имарат кургандар азыр толтура. Буларды кантип токтотсо болот?

– Албетте, туризмди өнүктүрүү зарыл. Бирок, өзүм билемдик фактылар абдан көп. Көлдүн үстүнө чейин сауна куруп алгандар бар. Булардын баары мыйзамга туура келбейт. Көптөгөн эс алуу жайлары экологиялык талаптарга жооп бербейт. Андайлардын жыйырмага жакынын жаптырдык. Барып эле жаап, штрафтарды салалы дегендей биз жазалоочу орган эмеспиз. Бизнести иштетпей коелу деген оюбуз да жок.

Кыргызстан өсүшү керек. Ал үчүн айрым кемчиликтерди убагында эскертип турууга тийишпиз. Азыр бизнес-коомчулук менен иш алып барып, тегерек столдорду уюштуруп, туризмди, дегеле ишкерликтин бардык түрлөрүн өнүктүрүүгө көмөктөшөлү деген ниетибиз бар. Мисалы, текшерүүлөрдө, кемчиликтер байкалса, жойгонго убакыт беребиз. Инспекторлорго да барган жердин баарын жаба бербей, жакшы сөз менен түшүндүргүлө деп эскертип жатам. Экотехинспекция десе эле эл бизди коррупциялык орган катары ойлобосун. Биздин инспекция ар кандай текшерүүчү органдардын санын азайтуу максатында түзүлгөн. Биздикиндей уникалдуу инспекция КМШда жок. Бул жагынан кошуна өлкөлөрдөн эки кадам алдыдабыз. Инспекторлорубузду универсалдуу десем да болот. Бири-бирибизди окутуп, үйрөтүп иштеп жатабыз.

– Курулуп жаткан көп кабаттуу имараттардын сапаты тууралуу эмне айта аласыз?

– Азыр төрт сотых жерге көп кабаттуу имарат салган мисалдар көп. Анткени, ар бир чарчы метр жер алтынга барабар. Анан архитектор акча үчүн долбоорун чийип бере берет. Текшере келсең эреже бузуулары толтура. Машина токтоочу жана балдар ойноочу аянтчалар жок. Биздин адистер андай имараттардын туура салынышына гана көзөмөлдүк кылышат. Мындай көйгөйлөр генпландын жоктугунан жаралууда.

Маектешкен Атай АЛТЫМЫШЕВ