улан

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Улан Чолпонбаев Ысык-Көл областынын Түп районундагы «Мээрим Булагы», Ак-Суу районундагы «Ак-Суу», Каракол шаарындагы «Ирада» жана «Каракол» балдар үйлөрүнө барып, 2015-жаңы жылы менен куттуктап, белектерди тапшырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Ошону менен катар “Табылга” жаштар кыймылы менен бирдикте Каракол шаарынын борбордук аянтында шаардын тургундары үчүн уюштурулган атайын жаңы жылдык майрамдык иш- чараларга катышты. Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, анда бөбөктөргө да, чоңдорго да ар кандай конкурстар, эстафеталар өткөрүлүп, жеңүүчүлөр баалуу белектер менен сыйланышты.

Андан сырткары, У.Чолпонбаевдин колдоосу менен Ак- Суу районунун айылдык кеңештеринин депутаттарынын арасында волейбол, шахмат, теннис жана аркан тартыш боюнча жаңы жылдык турнир өткөрүлдү. Ага Ак-Суу районунун жергиликтүү кеңештердин депутаттары катышып, жеңүүчүлөргө диплом, медаль, белектер жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды.