Нарында маданият тармагы коркунучка кептелүүдө
Нарын шаардык маданият бөлүмү тарабынан өткөн жылы 50 миң сомду иштеп табуу тапшырмасы жарым жартылай аткарылган. Башкы себеп бөлүмдө шарттын жоктугу болууда.
Мындай маалыматты аталган бөлүмдүн башчысы Темиркул Ниязов билдирди.
-Бизде эмне көп. Көрсө ырчы көп экен. Ырдабаганы деле, обон чыгарбаганы деле, ырчы же обончу. Ошол эле учурда алдыга умтулуу деген жокко эсе болууда. Экинчиден маданият тармагында шарттын жоктугу. Репетиция кылганга зал жана өз алдынча иштөөгө кеңселер болбосо анан кантип маданият өнүксүн. Азыр бир аккордеон 120 миң сом турат. Ал эми байлар бул акчага музыкалык аспап эмес, аялына же кызына унаа алып бергенди мода кылышууда. Үчүнчүдөн, музыка боюнча мугалимдер өтө тартыш. Натыйжада таланттуу балдар түз эле Бишкекке кетишүүдө. Ушундан улам жер-жерлерде маданияттын келечеги коркунучка кептелүүдө,- деп билдирди Т.Ниязов мырза. Мындай кинеге Нарын шаардык мэриясынын башкы адиси Нурлан Кайыпов толук кандуу кошулбайт.
-Туура, шаарда маданият бөлүмдүн өз алдынча имараты жок. Бирок быйыл маданиятчылар үчүн имарат маселеси чечилет. Ал эми үн күчөткүч аппараттар эскирип жетчү жерине жетти. Бул көйгөйдү чечүү шаардык Кеңештин депутаттарынын колунда. Эгер быйыл жергиликтүү бюджеттен каражат каралса, анда аппараттар алынат,-деп жооп кылат Н.Кайыпов мырза.
Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу


Leave a Reply