Сасыбаева1- Сасыбаева-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Асия Сасыкбаева 20-февралда Азербайжан Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Гидаят Худуш оглу Оруджев менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар экономикалык жана маданий кызматташтык, парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

“Биз ТүркПА, ЕКПА сыяктуу уюмдарда Азербайжан менен өнөктөштүктү жогору баалайбыз. Эки өлкөнүн парламентчилери ар дайым иш тажрыйбалары менен бөлүшүп келүүдө”,- дейт вице-спикер А.Сасыкбаева. Ал Кыргызстандын Бакудагы элчилиги ачылгандыгын белгилеп, 2014-жыл өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн жемиштүү жыл болгондугуна токтолду.

Өз кезегинде элчи Гидаят Худуш оглу Оруджев Жогорку Кеңештин Азербайжан менен кызматташуу боюнча достук тобу жана Эл аралык иштер боюнча комитети менен конструктивдүү кызматташуу жолго коюлгандыгын билдирди. Ошондой эле ал өнөржай, туризм, инвестиция тартуу жаатында кызматташууну жандандыруу зарылдыгын белгиледи. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.