иманкожоева1

2-февралда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында «Экологиялык экспертиза жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору 1-окууда каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.

КР Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Абдыкалык Рустамовдун айтымында, мыйзам долбоору мамлекеттик экологиялык экспертиза жүргүзүү үчүн акы төлөөгө тиешелүү жол-жоболорду алып салуу максатында иштелип чыккан.

Талкууда депутат Талантбек Узакбаев бир дагы көзөмөл орган мамлекеттин эсебинен каражат албашы зарылдыгын, анкени алар көз каранды болбошу керектигин айтып, мыйзам долбоорун колдоого алды.

Жыйындын жүрүшүндө борбор калаанын айланасындагы күйдүргү ылаңы менен ооруп өлгөн мал көмүлгөн жерге жакын жайгашкан конуш, шаардын таштандылары ташталган жайдын жанындагы конуш боюнча кандай экологиялык экспериза чыгарылгандыгы боюнча маселелер көтөрүлдү. Депутат Эркингүл Иманкожоева Бишкектин чыгыш тарабын чектөөчү М.Ауэзов көчөсүнө жакын жайгашкан тери иштетүүчү кытай ишканасынан чыккан жыттан жанындагы жаңы конуштардын тургундарынан бир топ арыздануулар, даттануулар болуп жаткандыгына карабастан, бул ишкана ишин улантып жатканына нааразычылыгын билдирди. “Керек болсо чогуу барып жашоочулардын ден соолугуна кандай терс таасирин тийгизип жаткандыгын чогуу барып көрүп келели” деген депутат элдин саламаттыгына терс таасир этип жаткан бир ишкана боюнча маселени кабыргасынан койду. Экологиялык коопсуздук башкармалыгынын башчысы Расул Артыкбаев бул маселе боюнча элдин кайрылуусу менен материалдар прокуратура органдарына берилгендигин, азыркы тапта сот процесстери жүрүп жатканын жооптоду.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору 1-окууда Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү боюнча чечим кабыл алынды.