Феруза1

 2015-жылдын 2-февралында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунда, соттун Төрайымы Феруза Жамашеванын адам укуктары боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун Жогорку комиссарынын Борбордук Азия үчүн Башкармалыгынын убактылуу аймактык өкүлү Элизабет да Кошта айым менен жолугушуусу болду.

Жолугушууда Элизабет да Кошта айым кыргыз сот тутумуна жардам берүү тууралуу пландары менен кыскача бөлүштү. Анда судьяларды окутуу туурасында, ошондой эле, судьяларды окутуучуларга карата адамды кыйноо темасында тренингдерди өткөрүүнү сунуштады. Бул тармакта алардын уюм тарабынан көмөк көрсөтүлүп, каржылоосу күтүлүүсүн баяндады.

Дагы бир топ маанилүү иштер жөнүндө тараптар кызуу талкуу, маектешүү менен бирге, БУУнун адам укуктары Комитетинин Кыргыз Республикасына карата жарандардын кайрылууларына карата сунуштары тууралуу да сөз болду. Мында Жогорку Соттун Төрагасынын биринчи орун басары Канат Турганбеков Комитеттен келген каттар кандайча каралаар процедуралары тууралуу маалымат берди жана Комитеттен келген бир кат боюнча, ал жарандын киши өлтүрүүгө катыштыгы бардыгы далилденгендиктен, өз өкүмүн алгандыгын айтты. Буга келген мейман, Комитет адамдарга карата рекомендация ирээтинде гана сунуш бере ала тургандыгын, ал эми күнөөлүү же күнөөлүү эместигин Сот гана чече тургандыгын белгиледи.

Мындан тышкары, адамды кыйноо темасында Кыргызстандын эле судьяларына гана эмес жалпы Борбордук Азиянын судьяларына бир чоӊ иш-чара өткөрүү пландаштырылды.

Элизабет да Кошта айым менен бирге жолугушууга адам укуктары боюнча кеӊешчи жана адам укуктары боюнча БУУнун Жогорку комиссардын Башкармалыгынын аймактык бөлүмүнүн долбоорлорунун менеджери Беатрис Ференци, улуттук программалардын координатору Октам Газиев жана укуктун үстөмдүгү маселелери боюнча улуттук консультант Алмаз Эсенгельдиев катышты. Жогорку Соттон Төрайымдын биринчи орун басары К.Турганбеков ж.б. кызматкерлер катышты.

Жогорку Соттун басма сөз кызматы