ун1
Бул тууралуу шаардын жашоочулары билдиришти. Маалыматка караганда  унга болгон баа 2 айдан бери өсүп жатат. Кардарлардын айтымында, бир мүшөк ундун наркы 300 сомго чейин көтөрүлгөнү байкалган. Мындан 2 ай мурун биринчи сорттогу ун 1300 сом болсо, азыр 1500дөн жогору. Ал эми экинчи сорттогу ун 800дөн 1100 сомго жетти.
Ага кошумча нандын кымбатташы да байкалып жатат. Ун кымбаттаганынан нандын баасы   2-3 сомго чейин көтөрүлдү.
Баанын өсүшүн антимонополия кызматы доллар кунунун жогорулашы менен түшүндүрөт.
Кымбаттоо Казакстандын эле эмес, Кыргызстандын унунда   бирдей байкалып жатат. Нарктын мындан ары төмөндөшү же көтөрүлүшү белгисиз экенин монополияны жөнгө салуу агентигинин Ош облусундагы бөлүмүнүн башкы адиси Арзыкул Дыйканов билдирди.

 
“Кабар-Пресс” мамлекеттик маалымат кызматы