айнуру1

Бүгүн, 19-февралда Жогорку Кеңештин “Ар түрдүү маселелер” саатында депутат Айнуру Алтыбаева айрым микронасыялык компаниялар элге насыя берүү менен байып банкка айланып жатса, ошол эле маалда банктардан алган насыяларын төлөй албаган жарандар кыйын турмушка туштугуп жатканын белгиледи. “Мындай шарт-жагдайды карап, талдоого албаган Улуттук Банктын саясатын кайдыгерлик,”- дейт депутат.

Мындан сырткары, А.Алтыбаева курулганына 80 жыл болгон Ош шаарындагы Ломоносов мектебинин имаратына Өкмөттүн көңүлүн бурду деп билдирди Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.