dialysis health care medicine kidney

 Мындай маселени бүгүн, 19-февралда Жогорку Кеңештин “Ар түрдүү маселелер” саатында депутат Ташполот Балтабаев көтөрдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Айтымында, Баткен облусунда бөйрөк оорусу менен жабыркагандар 400 км жол басып, Ошко келип, гемодиализ аппараты аркылуу дарыланууга муктаж. Ошко тез-тез каттап, дарылануу бейтаптар үчүн өтө эле кыйынчылыкты жаратат. “Андыктан, Баткендеги ооруканаларды гемодиализ аппараты менен жабдуу зарылчылыгы турат”,- дейт депутат.

Ошону менен катар Т.Балтабаев өткөн Өкмөттүн башталган курулуштар аягына чыгарылмайын жаңы курулуштар башталбайт деген саясаты эмне болгонун сурап, Баткенде Үй-бүлөлүк медициналык борбордун курулушу башталып, бүтпөй тургандыгын Өкмөткө багыттады.