кодекс
 Санжар Муканбетов Депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин директорлор кеңешинин мүчөлүгүнөн бошотулду. Бул тууралуу тиешелүү буйрукка премьер-министр Жоомарт Оторбаев 2014-жылдын 29-декабрында кол койду.

С.Муканбетов агенттиктин директорлор кеңешинин мүчөлүгүнө Убактылуу өкмөттүн 2010-жылдын 19-июлундагы буйругу менен дайындалган.

Анын ордуна 5 жылдык мөөнөткө экономика министринин орун басары Кылычбек Жакыпов дайындалды.