Талас шаарындагы «Өзөн ата» сыр заводу бажы биримдигине кирген өлкөлөргө экологиялык таза сыр жөнөтүүгө даяр. Бул туурасында Turmush басылмасынын кабарчысына заводдун директорунун орун басары Жаныбек Тууганбаев билдирди.

Анын айтымында, мындан 1 жыл мурда Белорусия, Россия, Казакстандан атайын өкүлдөр келип, кемчиликтерди четтетүүнү айтып кетишкен. Ал кемчиликтер толук четтетилип, бир нече тонна сыр бажы биримдик өлкөлөрүнө жөнөтүүгө даяр.

Эскерте кетсек, «Өзөн ата» сыр заводу 11 жылдан бери иштеп келатат. Жабдуулары Франция, Испания, Италия, Түркиядан алынып келинген. Кыш мезгилинде ар күнү 6 тоннадан, жайында 25 тоннага чейин сүттү кайра иштете алат. Завод азырынча сары май жана сыр гана чыгарат.

Белгилей кетсек, бажы биримдигине Кыргызстандын азык-түлүктөрүн жөнөтүүгө эшик ачылгандан кийин коюулатылган жана кургак сүт чыгаруу мүмкүнчүлүгү да бар.

turmush.kg