Дүйнөнү кабылдоонун концепциясына арналган китеп жарык көрдү
Кечээ, 2014-жылдын 18-декабрында КР Улуттук илимдер академиясында КР УИАнын мүчө-корреспонденти, профессор Кулубек Бөкөнбаевдин “Естественно-научная картина мира (Концепция современного естествознания)” деген, 34,25 басма табактан турган китеби жарык көрдү.
Эмгектин жарык көрүүсүнө КОСУнун илимий техникалык кеңеши жана рецензенттер – дүйнөлүк илимий коомчулукта белгилүү болгон аттуу-баштуу окумуштуулар: биология илиминин доктору, профессор, академик А.А.Алдашев, физико-математикалык илимдеринин доктору, профессор, академик А.А.Бөрүбаевдер рекомендация беришкен.
Кулубек Бөкөнбаевдин бул илимий эмгегинин бет ачарына катышкан белгилүү окумуштуулар автордун бүгүнкү дүйнө жүзүнө болгон илимий көз караштарды бири-бирине кызыктуу жагынан айкалыштыргандыгын, өзүнүн жаратылыштагы жана социалдык чөйрөдөгү процесстерди көп жылдардан бери байкоосундагы мыйзам ченемдүүлүктөрдү жалпылаштырганын баса белгилеп кетишти. Китепте миң сырдуу, миң кырдуу Жаратылышты түшүнүүнүн татаал жолунда драматизмге толгон илимий жана ошого жараша көз караштык парадигмалардын бири-биринин алмашышына тыкыр көңүл коюлган.
Илимий эмгекте негизги көңүл интеграцияга бир топ жарай турган жана бүгүнкү дүйнөнүн табигый картинасын бере ала турган синергетикага жана экологиянын концепциясына коюлган. Мында синергетика жана экология физиканын биологиянын, химиянын негизги мыйзамдары менен байланышта каралат жана мындайча айтканда дүйнөнүн картинасын бүкүлү аңдоого мүмкүнчүлүк берет.
Баса белгилеп кетчү нерсе – мындай эмгек Кыргызстандын окумуштуусу тарабынан алгачкы жолу жазылып жатат. Китеп табияттын татаал процесстери жана мыйзамдары жатык тил түшүнүктүү туюнтмалар менен жазылган жана окурмандардын кеңири катмарына түшүнүктүү.
КР УИА маалымат менен камсыздоо бөлүмү



Комментарий кошуу